Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Прокуратура Аскар Акаевдин жакындарына козголгон кылмыш иштерин эске салды


Аскар Акаев жубайы Майрам жана кызы Бермет Акаева менен.
Аскар Акаев жубайы Майрам жана кызы Бермет Акаева менен.

Башкы прокуратура мурдагы президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө козголгон кылмыш иштери боюнча маалымат таратты.

Ага ылайык, буга чейин Акаевдин жубайы Майрам Акаева жетектеген “Мээрим” фонду, уулу Айдар жана күйөө баласы Адил Тойгонбаевге карата мамлекетке миллиондогон зыян келтирүү фактылары боюнча бир нече кылмыш иши козголгон.

Прокуратуранын маалыматында, “Мээрим” фонду боюнча баш-аягы 30 кылмыш иши козголуп, жалпы чыгым 64 миллион сомду түзөрү эсептелип чыккан.

Ал эми Айдар Акаевге карата төрт кылмыш иши ачылып, мамлекетке үч миллион долларга жакын зыян келтирген деп шек саналууда.

Мурдагы президенттин уулуна дагы 11 ишке кыйыр түрдө тиешеси бар деп издөө салынган.

Ал эми күйөө баласы Адил Тойгонбаев бир нече берене менен айыпталып, 20 жылга сыртынан кесилген.

Башкы прокуратура мурдагы президент Аскар Акаев өлкөгө келсе, үй-бүлө мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иштери жана башка жагдайлар боюнча суракка алынарын эскерткен.

Башкы көзөмөл орган Аскар Акаевдин үй-бүлөсү боюнча маалыматты эмне себептен таратканын түшүндүргөн жок.

Өткөн аптада мурдагы президенттин кызы Бермет Акаеванын Кыргызстанга кайтып келгени боюнча маалымат тараган.

Аскар Акаев кызы туулган жерине туугандары менен учурашуу үчүн келгенин түшүндүргөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG