Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:26

Трамп Гренландия үчүн Данияга баруудан баш тартты


Гренландия.
Гренландия.

АКШнын президенти Дональд Трамп Даниянын премьер-министри Гренландияны Вашингтонго сатуу боюнча сунушу тууралуу сүйлөшүүдөн баш тартканы үчүн бул өлкөгө сапарын белгисиз мөөнөткө жылдырды.

Бул тууралуу Трамп «Твиттердеги» баракчасына «премьер-министр Метте Фредериксендин комментарийинен улам, ал Гренландияны сатууга кызыкпай турганы байкалат, ошондуктан мен эки жумадан кийин боло турган жолугушуубузду башка убакытка жылдырам» деп жазды.

Буга чейин «The Wall Street Journal» басылмасы Ак үйдөгү ишенимдүү булактарына шилтеме жасап, Дональд Трамп Гренландияны Кошмо Штаттардын карамагына алуу мүмкүнчүлүгүн кеңешчилери менен бир канча жолу талкуулаганын жазган. Ага ылайык, Трамп Гренландияны сатып алуунун кандай мыйзамдуу жолдору бар экенин билгиси келген, айтылган жоопторду өтө ынтызарлык менен кунт коюп уккан жана арал жайгашкан жердин өзгөчөлүгүнө, жаратылыш байлыктарынын көптүгүнө кызыккан. Ал өз юристтерине мунун укуктук жагын иликтеп чыгууга тапшырма берген.

Басылманын билдиришинче, Трамптын мындай сунушун айрым кеңешчилери кош колдоп колдогон, бирок каршы чыккандар болгон.

Гренландияда АКШнын эң ири аскердик базасы жайгашкан. Арал Даниянын автономиялуу облусу болуп саналат. Гренландиянын аянты Дания падышачылыгы жайгашкан жерден дээрлик 50 эсе чоң жана болгону 56 миңдей гана адам туруктуу жашайт.

АКШ 1946-жылы Даниядан бул аралды 100 миллион долларга сатып алууга жасаган аракети ишке ашкан эмес.

Даниянын өзүндө Трамптын Гренландия тууралуу планы "акылга сыйгыс жорук" катары да кабыл алынган.

Кабул: үйлөнүү үлпөтүндөгү кол салуудан өлгөндөрдүн саны 80 кишиден ашты

XS
SM
MD
LG