Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:58

«Коопсуз шаар»: Бишкекте жол кырсыктары 52% азайды


Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Коопсуз шаар» тутумунун ишине мониторинг жүргүздү.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Коопсуз шаар» тутумунун ишине мониторинг жүргүздү.

Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында видеокөзөмөл орнотулган жерлерде жол кырсыктары 52% азайды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

21-августта вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Коопсуз шаар» жана «Эреже бузуу учурларынын бирдиктүү реестри» (ЭБУБР) автоматташтырылган маалыматтык тутумунун ишине мониторинг жүргүздү.

Бүгүнкү күнгө карата «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жол эрежеси бузулган 400 миңден ашуун учур катталганы маалым болду. Анын 178 миңдейи боюнча 200 млн. сомдон ашуун айыппул төлөндү.

Чүй облусунда аппараттык-программалык комплекстер коюлган жерлерде жол кырсыктары 70% чейин азайды.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында быйыл автожолдорго видеокөзөмөл орнотула баштады. Жол эрежесин бузган айдоочуларга түрдүү өлчөмдөгү айыппул каралган. Учурда өкмөт айыппулдарды кыскартуу жолдорун караштырып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG