Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:58

Балыкчы: мектептин Британиядагы меценаты


Балыкчыдагы №1 мектеп-гимназия.
Балыкчыдагы №1 мектеп-гимназия.

Балыкчы шаарындагы Лев Толстой атындагы №1 мектеп-гимназия өз бүтүрүүчүсүнөн 56 миллион сомдук жардам алды. Бул азыр Улуу Британияда жашаган, Орусиядагы эң бай 200 ишкердин бири Юрий Шефлер аттуу ишкер экендиги тууралуу маалымат тарады.

Орусиялык ири ишкерлердин бири катары айтылып жаткан Юрий Шефлер Балыкчы шаарындагы №1 Лев Толстой атындагы мектеп-гимназиясын 1984-жылы аяктаган. Өзү Орусиянын Орел шаарында төрөлгөн. Кыргызстанга келип, балалыгын Ысык-Көлдүн кылаасында өткөрүп, Балыкчыдагы мектепте окуп калышына апасынын саламаттыгын жумшак климатта чыңдоо максаты себеп болгон.

Мектептеги биз жолуккан мугалимдердин айтымында кийинчерээк Орусияга көчүп кеткен Шефлерлерден Юрий билим алып, табышкер ишкерге айланып, Британияда отурукташып калган. Ал мектепти аяктаган акыркы 35 жылда өзү билим алган мектебине бир да жолу каттаган жок. Колунда бар ишкердин өзү менен байланышып, бизнеси, кайрымдуулук иштери тууралуу билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлө элек. Бирок Балыкчыда ал алыста туруп билим алган мектебине олуттуу кайрымдуулук кылган ишкер катары таанылууда.

Ишкер өз максатын жергиликтүү классташтарынын жардамы менен ишке ашырып жатканын, 2017-жылы «Большая перемена» коомдук фонду да ушул үчүн түзүлгөнүн мектептин директору Инна Насыбулина «Азаттыкка» айтып берди:

«Биздин бүтүрүүчүлөр мектепти материалдык-техникалык жактан жакшы колдоп келет. Акыркы эки жылдан бери бизди «Большая перемена» коомдук фонду ийгиликтүү каржылап жатат. Фонд мектепти 1984-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр тарабынан түптөлүп, анын башында Юрий Шефлер аттуу бүтүрүүчүбүз турат. Акыркы эки жылдан бери алардын жардамы менен биздин мектепте эң чоң өзгөрүү болду. Башында фонддун өкүлдөрү бизге байланышка чыгып, иштеше баштаганда мен мындай көмөк көрсөтүлөт деп күткөн эмесмин».

Күтүүсүз мындай жардамды Юрий Шефлер демилге көтөрүп түзгөн фонд мектептин ашканасын оңдоодон баштаган. 6 миллион сом коротулган бул ашканада азыр башталгыч класстын 700дөн ашык окуучусу ысык тамак ичет.

Андан тышкары башталгыч класстын окуучулары үчүн 10 класс 16 млн. сомго жасалды. Ал эми быйылкы окуу жылында 22 млн. сомдук спорт аянтчасы ишке берилет. 1,5 миңден ашуун окуучусу бар бул мектеп эми таза аба, ачык асман алдында дене тарбия сабактарын бардык шарттары менен өткөрүп турат. Мындан тышкары мектептин жертөлөсүндө да ремонт иштери жүрүп, жаркыраган 3 класс пайда болду. Жаңы окуу жылында окуучулар ошондой эле фонддун эсебинен келген 40 компьютерде информатика сабагын өздөштүрөт.

Кыскасы, мектеп директорунун айтымында, азыркы ишкер, Лев Толстой мектебин 35 жыл мурда бүтүргөн ишкер Шефлер акыркы эки жылда мектепке 56 миллион сом же 800 миң долларлык жардам көрсөттү.

«Биз менен кызматташып келе жаткан фонд акыркы эки жыл ичинде эле 56 млн сомго жардам көрсөттү, - деди ал. - 1-4 класстын окуучулары үчүн деп өткөн жылдын февраль айында гимнастика залын жасалгалап берди. Азыркы заманда балдар чөнтөк телефонго кызыгып, көп нерсени өткөрүп жиберип жатышканы өтө кейиштүү көрүнүш. Гимнастика залына барып балдар кадимки көнүгүүлөрдү жасап, дене тарбия менен алек болуп турушат. Окуучулар абдан көнүп алышты, кадимкидей сергип калышат. Мындай мүмкүнчүлүктү түзүп берген фондго абдан ыраазыбыз».

«Большая перемена» фонду мектепке демөөрчүлүк жардамын уланта берчүдөй. Азыр эми мектеп жетекчилиги фонд бардык стандарттарга жооп бере турган спорт зал курууну пландап жатканын кошумчалады. 1-сентябрга карата Лев Толстой атындагы мектеп-гимназиянын айланасы жашылдандырылып, футбол, баскетбол жана волейбол талаалары ишке берилгени турат.

Балыкчы шаарындагы Л. Толстой атындагы мектеп-гимназиясы 1923-жылы ачылган. Мектеп жайгашып турган азыркы имарат 1964-жылы курулуп, 1991-жылы жанына кошумча имарат салынган.

Бул мектепте 1,5 миң окуучу бар, аларга 65 мугалим билим-тарбия берет. Мугалимдердин жарымына жакыны ушул мектептин бүтүрүүчүлөрү.

Балыкчы шаарында жалпы билим берүүчү 10 мектеп бар. Аларда 8 миңден ашык окуучу билим алат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG