Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Равшан Жээнбеков сурак берип чыкты


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Кой-Таштагы окуялар боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматында жети саатка жакын сурак берип чыкты.

Саясатчы Равшан Жээнбеков 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуяларга жана УКМКнын «Альфа» ыкчам тобунун жоокерлерин барымтага алууга байланыштуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан күбө катары суралууда.

Ал 15-августта түшкө маал «Фейсбуктагы» баракчасына өзүнө карата Жазык кодексинин 244-беренеси боюнча («Барымтага алуу») 48 саатка камалганы калганын жазып чыккан. Муну «Азаттыкка» да ырастаган эле:

«Мен тескерисинче аларды чыгарып, барымтага алынгандарга жардам берип, «Тез жардамга» чыгарып берип, колумдан келгенин кылгам. Бирок мага ушундай берене коюлуп жатат. Мен мыйзамдуу иштеген оппозициялык-демократиялык саясатчымын. Буга чейин мага эч нерсе таба алышкан эмес. Азыр Атамбаевдин шылтоосу менен Кыргызстанда оппозицияны, эркиндикти, демократияны жок кылалы деп бийликтин жасап жаткан кадамы болуп эсептелет».

Бирок көп өтпөй «Фейсбуктагы» билдирүүсүн өчүрүп, өзү болсо кечке маал сурактан чыкты. Ал күбө катары эле сурак бергенин билдирип, аскерлерди барымтагы алууга тиешеси болбогонун видео далилдер аркылуу тастыктоого аракет кыларын кошумчалады.

Равшан Жээнбеков 16-августка суракка кайра чакырылды. Буга чейин саясатчы Ички иштер министрлигине чакырылып, күбө катары үч ирет сурак берип чыккан.

Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан бир көрүнүш.
Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан бир көрүнүш.

Алмазбек Атамбаев бийликте турган учурда ага оппозицияда болуп келген Равшан Жээнбеков быйыл жаздан баштап мурдагы президентти колдоп, аны азыркы бийликке каршы турчу негизги оппозициячыл күч катары баалап келген.

Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн 7-8-август күндөрү Равшан Жээнбеков Кой-Таш айылында болуп, Атамбаевдин тарапкерлеринин атынан күч органдарынын башчылары менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Ал Кой-Ташка баргандагы негизги максаты катары кырдаалды жөнгө салып, барымтада калган жоокерлерди жаалданган элдин токмогунан сактап калуу гана болгонун айтып келет.

Жалпысынан Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден башка дагы төрт адам камакка алынган. Тактап айтканда, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди.

Мындан башка КСДП фракциясынын депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина баш болгон мурдагы президенттин ондогон партиялаштары жана журналисттер тергөөгө күбө катары суралып жатышат.

Буга чейин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кой-Таштагы окуяларды уюштуруу боюнча мурдагы жана учурдагы депутаттар шек саналып жатканын айтып чыккан эле:

«Башаламандык уюштуруунун артында мурдагы жана учурдагы депутаттар бар экенин айткым келет. Учурда тергөө жүрүп жатат, анын негизинде алардын аты-жөнүн айтабыз».

Ушундан улам учурда Атамбаевге жакын болуп жүргөн депутаттар камакка алынышы мүмкүнбү деген суроолор жаралууда. КСДП фракциясынын депутаты, мурдагы президенттин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Ирина Карамушкина мындай коркунуч бар экенин четке какпай, бирок мыйзамга ылайык учурда камай албай турганын билдирди:

Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

«Азырынча депутаттарды камоо коркунучу жок. Анткени кол тийбестик бар. Аны алыш үчүн башкы прокурор өтүнүч келтирип, парламент карашы керек. Ал эми Кой-Ташта жүргөн биздин партиялаштар кырдаалды жөнгө салууга аракет кылдык. Акыркы кырдаал үчүн операцияны жетектегендер кызматтан четтетилиши керек».

Ошол эле кезде акыркы убакта Кой-Ташка байланыштуу териштирүүнүн баарын саясатка байланыштыруу туура эмес деген пикирлер айтылууда. Президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев Равшан Жээнбековдун «бийлик оппозицияны куугунтуктап жатат» деген пикирине төмөнкүчө жооп берди:

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

«Эми Алмазбек Атамбаев менен өтө жакын болгондордун айткандарын түшүнсө болот. Бирок Равшан Жээнбеков «мени куугунтуктап жатат» дегендей оппозиция деле эмес болчу. Ал Атамбаевди аябай сындап жүрүп эле, кийин «оппозиция болуш керек» деп эле ага кошулуп алгандай болгон. Ошон үчүн Жээнбековдун Кой-Ташка барганынын мотивдери түшүнүксүз. КСДПга мүчө болбосо, Атамбаевдин эң жакын чөйрөсүндө болбосо - ал окуялар учурунда эмнеге барып калганын билбейм. Эми тергөө мыйзам чегинде аны суракка алат болуш керек».

Ал ортодо 8-августта камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы бир нече эпизод боюнча шектүү катары өтүп жатканы жарыяланды. Аскер прокуратурасы Атамбаевден Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алган деп «Коррупция» беренеси боюнча шек санап жатат.

Ал эми кечке маал Башкы прокуратура Атамбаевге карата төмөнкү айыптар коюлуп жатканын кабарлады:

  • Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр ташууда мамлекеттик жана энергокомпаниянын жооптуу кызматкерлери менен коррупцияны уюштуруу, «Прогресс Компаниясынын» кызыкчылыгын коргоо (лобби) – Жазык кодексинин 43-319-беренелеринин 2-бөлүгү («Кылмышка аралашуу» жана «Коррупция»).
  • Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөөдө коррупцияны уюштуруу - Жазык кодексинин 43-319-беренелеринин 2-бөлүгү («Кылмышка аралашуу» жана «Коррупция»).
  • Мыйзамсыз баюу жана С.Пархати жана башка адамдар менен алдын-ала келишип алып ири суммада кылмыштуу кирешелерди адалдоо. – Жазык кодексинин 215-беренесинин 1-2-3-бөлүгү, 2-пункту («Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу»).
  • Тоо-кен тармагындагы жооптуу кызматкелер менен алдын-ала сүйлөшүп лицензия берүү боюнча коррупцияны уюштуруу. - Жазык кодексинин 43-319-беренелеринин 2-бөлүгү («Кылмышка аралашуу» жана «Коррупция»).

Буга чейин мурдагы президентке карата кримтөбөл Азиз Батукавдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетиши, Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция, Кой-Таш айылындагы акыркы окуяларга байланыштуу «Киши өлтүрүү», коррупция баш болгон 14 кылмыш иши козголгон эле.

Атамбаев коюлган айыптарды четке кагып, көрсөтмө берүүдөн жана тергөө документтерине кол коюудан баш тарткан. Анын тарапкерлери саясий куугунтук жүрүп жатканын айтышууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG