Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Самат Курманкуловду Москвага алып кетишти


Самат Курманкулов.
Самат Курманкулов.

Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловду дарылоону улантуу үчүн Москвага алып кетишти. Бул маалыматты Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков тастыктады. Анын «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча, Курманкулов дагы эле комада жатат.

11-августта Бишкекке Москвадагы Бурденко борборунан нейрохирург жана реаниматолог чакыртылып, алардын катышуусу менен консилиум өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында Курманкуловго кайрадан нейрохирургиялык операция жасоонун кереги жок деген чечим кабыл алынган.

Ошондой эле бейтаптын дарылануусун мындан ары Москвадагы Бурденко атындагы Нейрохирургия борборунда улантуу жөнүндө чечим чыккан. Жумабеков Москвада эми полковникти комадан чыгарууга аракети көрүлөрүн айтты.

Андан тышкары «Курманкуловго алгач туура эмес операция жасалган» деген маалыматтарды четке какты.

Самат Курманкулов 7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган. Мурдагы президентти кармоо боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» ыкчам тобу жүргүзгөн операция оңунан чыкпаган соң Кой-Таш айылына милиция күчтөрү тартылган. Ошол жерге чогулган эл менен милиция ортосундагы кыска кагылыш учурунда Курманкуловдун башына таш тийген. Буга чейин Самат Курманкуловдун башына эки жолу операция жасалды. (BTo)

XS
SM
MD
LG