Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Кыргызстан «сомалилешкен» өлкө атыкты


(Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама. 5-12-август, 2019-жыл).

«Regnum» агенттигине саясат таануучу, Орусиянын Улуттук стратегия институтунун директору Юрий Солозобов «Кыргызстан: «сомалилешкен» өлкө, алсыз бийлик» аттуу макала жарыялады. Анда: «Кыргызстанды дүйнө эли азыр «жолу болбогондордун аралы» деп атап жатат. Эмнеге бул өлкөнүн бийлиги улам жаңырган сайын алсырай берет? Борбор Азиядагы чакан өлкөнүн саясаты, экономикасы, социалдык абалы барган сайын начарлоодо. Маселен, математик Аскар Акаев мындай ээн баш өлкө үчүн өтө эле жумшак лидер болгон. 2005-жылы «жоогазын ыңкылабынан» кийин качып, ордуна мамлекетти түндүк-түштүккө бөлгөн Курманбек Бакиев келген. Азыркы кыргыз саясий лидерлери уруучулук, талаа командирлик, ал тургай кылмыш тобунун деңгээлине чейин майдаланды. Мындай топтордун эң башкы дымагы - кандай жол менен болбосун бийликке жетүү.

2016-жылы өкмөт кызматтан кеткенде эле азыр болуп жаткан саясий окуяларды божомолдоп жазган элем. Кыргызстандагы саясий сасык тумоо өнөкөт ооруга өттү. Анын өзөктүк себеби - бириккен улуттун, анын кызыкчылыгын көздөгөн элитанын жоктугу. Ушундан улам чакан мамлекет «социалдык таштандыга» айланууда. Кыргызстандын «сомализациясы» - өтө оор дарттын белгиси. Бул жалпы постсоветтик өлкөлөрдүн дарты болот. Себеби экономикасы күчтүү Орусия менен Евробиримдик башка өлкөлөрдөгү эң мыкты адамдарды өзүнө тартууда. Мекенинде калгандардын көбү билимсиздер. Демографиялык кыйынчылык тарткан өлкөлөр өнүгүүнүн эң оңой жолуна түшүп, адам ресурсун, жаштарды, билимдүүлөрдү постсоветтик өлкөлөрдөн алып кетип жатат. Эс алууга чыккандар, билимсиздер өлкөдө калып, алардын маселесин чечүүнүн жолу табылбай турат. Орусияга жакын жайгашкан Кыргызстан сыяктуу «кара тешиктерди» эмне кылышыбыз керек? Ал жакта башталган «сомализация» маселесин жергиликтүү бийлик эч качан чече албайт. Кыргызстандагы абал сырттан кийлигишмейин оңолбойт. Өлкөнү өнүгүү жолуна салчу чыныгы саясий элита жок. Менимче, Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) менен Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ) Кыргызстан үчүн «ураган өлкө» статусунан сууруп чыкчу «аркан» даярдашы керек. Бирок мындай эл аралык программа кыргыз элитасынан жоопкерчиликти талап кылат. Бул сыяктуу ишти Казакстан мурда баштаганы менен, кыргыз бийлигине салган акчасы «кара тешикке» сиңип жоголгон. Ошентсе да өлкөдөгү саясий, социалдык проблемаларды чечүүгө белсенбесек, Кыргызстанда болчу кезектеги ыңкылап аны менен чектеш ЕАЭБ менен Орусиянын бейкуттугуна таасирин тийгизет», деп жазган.

Атамбаевдин камалышы экс-президенттерди сестентет

Канадада чыккан «National Post» гезити Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин камалышы менен кошо мурунку советтик өлкөлөрдөгү эски сот системасын талдаган макала жарыялады.

«Мурдагы Советтер Союзундагы өлкөлөрдө соттук реформа таптакыр ишке ашкан эмес, соттор улам жаңы келген бийликке көз каранды болгондуктан, тактан түшкөндөрдүн тагдыры оор. Кытайдын батыш жагында жайгашкан, 6 миллион калкы бар жакыр Кыргызстандагы акыркы окуялар бул чөлкөмдө бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүдөн корккон лидерлердин бетин ачты. Кайсы бир өлкө башчысы мындай ишке барса, соңу оң натыйжа бербей турганын көрсөттү. Атамбаев коюлган айыптарга каршы болгону менен баары бир камалды. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков мындай аракети менен күч түзүмдөрүнүн баарына болушунча үстөмдүк кыла алаарын далилдеди.

Бирок негизги маселе - бул бийлик тирешинде ким жеңгени эмес, дүйнөдөгү эң чакан өлкөлөрдүн бири болгон Кыргызстан абдан жакыр 50 өлкөнүн катарында турганы. Ошондой эле постсоветтик өлкөлөрдүн лидерлеринин бийликти тынч жол менен өткөрбөй, акырына чейин так талашуусу көйгөйдү ырбатууда. Атамбаевдин камалышынан Украинанын мурунку президенти Петро Порошенко сестениши керек. Себеби ага карата коррупцияга байланышкан 11 кылмыш иши козголгон, азыркы президент Владимир Зеленский оор экономикалык акыбал үчүн Порошенкону айыптап келет. Ал тургай Орусиянын президенти Владимир Путин 2024-жылы бийликти өткөрүп бергенден кийинки тагдырын Алмазбек Атамбаевдин азыркы акыбалына карай божомолдоп, кайсы бир чечимди кабыл алып, келечегине камынышы керек», деп жазат гезит баяндамачылары.

Кытай-кыргыздын кен чыры

Солтон-Сарыдагы акыркы кырдаал боюнча бир катар эл аралык басылмалар маалымат берип, «South China Morning Post» гезити кытай-кыргыз кен талашын талдоого аракет кылды. Макалада:

Солтон-Сарыдагы митинг.
Солтон-Сарыдагы митинг.

«Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенин иштетүү укугу кыргыз-кытай «Zhong Ji Mining Company» ишканасына 20 жылга берилген. Бирок жергиликтүү элдин нааразылыгына байланыштуу кен иштеткен компаниянын ортосунда чыккан чатактан улам иш токтоду. Дүйнөлүк Банк бир гана «Кумтөр» алты кени менен ички дүң өнүмдүн 10 пайызын камсыз кылган Борбор Азиянын экономикасы эң жакыр өлкөсү үчүн кен казуучу инвесторлор өтө маанилүү экенин белгилеген. Буга карабай, эми кытайлык кен казуучу компаниянын иши белгисиз мөөнөткө токтоду. Кытай Кыргызстандан чыр-чатакты уюштургандарды жазалоону талап кылууда. Каршы чыккан эл компания аймактын экологиясын талкалап жатканын жүйө келтирет. Армениядан Таиландга чейинки аймакта кен казып иштетүү бир топ чыр-чатак, каршылык акциялары менен коштолуп келет. Кен иштетүүнү каалабаган эл экология менен айлана-чөйрөгө зыяны тиеринен кооптонуп, инвесторлорду кубалаган учурлар катталган. Британиядагы «Chatham House» аттуу Борбор Азия боюнча талдоо борборунун эксперти Кейт Маллинсон кен казууга каршы чыккан кыргызстандыктардын саясий себеби болушу мүмкүн деген ойдо», деп баяндалат.

Өспүрүм кыз немис өкмөтүн ойготот

«Evening Standard» гезити «экологиялык активист, 16 жаштагы Грета Тунберг немис токойлорун кыдырып, жашыл аймактардын акыбалы начар экенин айтты» деп кабарлайт. «Табиятка каршы согуш соңуна чыгышы керек», - деген жаш активист.

Грета Тунберг.
Грета Тунберг.

Европанын лидерлерин глобалдык алкакта абанын табынын көтөрүлүшүн, экологиялык акыбалды талкуулоого чакыруу максатында былтыртан бери Тунберг «Келечектин жумасы» аттуу каршылык акцияларын уюштуруп келет. Бул ирет ал өзү теңдүү активисттер менен Германиянын Хамбах токоюн кыдырып, көмүр жагууну токтотуу маселесин талкуулады. Немис бийлиги 2018-жылы Германияда 100 миң гектардан ашуун токой жана жашыл зоналар талкаланганын маалымдаган. Ушундан улам 2030-жылдарга чейин өлкөдө көмүр жагууну тыюу пландалууда. Тунберг баштаган акциялардан улам германиялык добуш берүүчүлөрдүн 62 пайызы экологияны коргоону талап кылып жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG