Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Украина Путиндин Крымга келишине нааразы болду


Путин жана Залдостанов.
Путин жана Залдостанов.

Украина орус президенти Владимир Путиндин аннексияланган Крым менен Севастополго келишине байланыштуу нааразылык билдирди. Бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Путиндин Крымга келиши Украинанын аймактык бүтүндүгү менен эгемендигине шек келтирет.

Владимир Путин Крымга 10-августта келген. Ал «Хирург» деген ылакап ат менен белгилүү Александр Залдостанов жетектеген «Түн каткан бөрүлөр» байкерлер тобу Севастополдо уюштурган шоуга катышты. Бул шоуга Путин «Урал» мотоциклин айдап, жанына Крымдын башчысы Сергей Аксёнов менен Севастополдун мэринин милдетин аткаруучу Михаил Развозжаевди салып келди.

Путиндин бул сапары Москвада оппозициянын ири нааразылык акциялары өткөн учурга туш келди.

Орусия 2014-жылы Украинага караштуу Крым жарым аралын жана Севастополду аннексиялап алган. Ошондон улам Батыш жана Украина Москванын мындай аракетин сынга алып, санкцияларды киргизген.

Орусия болсо аталган аймактын эли өз каалоосу менен кошулганын билдирип жүрөт.

XS
SM
MD
LG