Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Өкмөт Кумтөр боюнча «Центерра» менен мунаса тапканын жарыялады


Кыргыз өкмөтү «Centerra Gold» компаниясы менен Стратегиялык келишимдин күчүнө кирүү шарттары боюнча мунаса тапканын жарыялады. Анда келишимде буга чейинки каралган шарттардан тышкары «Центерра Голд» кыргыз тарапка кошумча төлөмдөрдү төлөөгө макул болгону айтылат. Анын ичинде компания тарабынан жаңы түзүлгөн Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна 5 млн. доллар өлчөмүндө бир жолку төлөм, андан соң 12 айдын ичинде дагы 5 млн. долларга бир жолку төлөм, бул фондго «Kumtor Gold Company» компаниясынын дүң кирешесинин 0,4% эквиваленттүү чегерүүлөр төлөнөт.

Ошондой эле Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 1 миллион доллар өлчөмүндө жыл сайын төлөм жана Кумтөр кенинде эки жылдын ичинде 16 миллион доллардан кем эмес суммада геологиялык чалгындоо программаларын каржылоо жүргүзүлөрү айтылган.

Кумтөр боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү деп аталган стратегиялык келишимге 2017-жылы Сапар Исаков премьер-министр болуп турган учурда кол коюлган. Анда «Центерра Голд» Айлана-чөйрөнү коргоо фондун түзүүгө 50 миллион доллар бөлүп, жыл сайын төлөнчү экологиялык төлөмдү 310 миң доллардан 3 миллион долларга көтөрүүгө макул болгон. Буга жооп катары кыргыз өкмөтү «Центерра Голдго» карата берген экологиялык доодон баш тартмак.

Жаңы шартка ылайык, кыргыз өкмөтү соттук доолордон баш тартабы - азырынча белгисиз. (BkA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG