Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:20

Президент Жээнбеков: Атамбаев мыйзам талаптарын одоно бузду


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Мамлекет башчысы «Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралдуу каршылык көрсөттү» деп билдирди.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, «тез арада чара көрүү зарылдыгына байланыштуу мыйзамдуулукту, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткаруу» керек экенин белгиледи.

УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат беришти. Жыйындын жыйынтыгында тийиштүү чечим кабыл алынганы айтылды.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калды. Ал учурда Кой-Таштагы үйүндө экени айтылууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, эртең мененки саат 10:30га карата Кой-Таштагы окуяда жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 52ге жетти. Дарыгерлер Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор экенин айтып жатышат. Жалпы кайрылгандардын 20сы үйүндө дарыланып жатат.

Күч түзүмдөрүнүн бир өкүлү каза тапты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG