Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:52

Ананьеводогу көрүстөндөгү эстеликтерди талкалаган жаран айыпка жыгылды


Ананьеводогу талкаланган көрүстөндүн абалы. Окуянын эртеси тартылган сүрөт.
Ананьеводогу талкаланган көрүстөндүн абалы. Окуянын эртеси тартылган сүрөт.

7-августта Ысык-Көл райондук соту Ананьево айылында православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалады деп айыпталган Ш.М. аттуу жаранды 36 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгып, коомдук ишке тартылсын деген чечим чыгарды. Бул тууралуу маалымат райондук соттон алынды.

11-январдын кечинде белгисиз адамдар Ананьево айылындагы православ көрүстөнүнө келип, маркумдарга коюлган 91 эстеликти талкалап кеткен.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев окуяны өзгөчө адепсиз көрүнүш катары баалап, күнөөкөрлөрдү тез арада табууну Ички иштер министрлигине тапшырган. Иликтөөнүн алдын-ала маалыматына ылайык көрүстөндөгү эстеликтерди талкалоо айыл тургундарынын жеке пикир келишпестигинен улам келип чыккан. Окуяга диний көз караштар себеп болгон эмес. (KS)

XS
SM
MD
LG