Деген менен өнөрпоздун айтымында, азыр анжияндык кыргыздардын арасында «Манас» баштаган элдик оозеки чыгармачылыкка, улуттук музыкалык аспаптарга кызыккандар сейрек.
Кенжебай карыя атасы Жусуп кезинде өз аймагында таанымал ырчы болгонун элден уккан. Өзү алты жашында атасынан айрылып, кийин анын айрым ырларын элден, айрымдарын агаларынан угуп, көңүлүнө уютуп келген экен.
«Мен өзү таякелеримдикинде, Гүлчөнүн ары жагында Кең-Жылгада төрөлгөн экем, - деп сөз баштады Кенжебай аксакал. - Ачыгын айтканда азыр биз Өзбекстанда жашап калдык. Атамдар ушул жерден болгон экен. Ал жерде миң үйлүү мундуздар бар. Баары эле кыргыздар. Бирок Өзбекстанга кошулуп калган. Ал жерде жору, бөрү, соколок, тейит деген уруулар бар. Көпчүлүгү кыргыз. Атам кайтыш болгондон кийин абаларым барып «өзүбүздүн элибизге кетебиз» деп мени ошол жерге көчүрүп келген. Ошол бойдон ал жерде отурукташып калдык. Анжияндын ары жагында Жалакудук деген жерде Көтөрмө-Мундуз деген жер бар. Ошол жерде жашайбыз. Биз качып-бозуп барган эмес, миң жылдардан бери ошол жерде отурукташкан кыргыздарбыз».
Кенжебай ата ырчы атасынын кол жазмалары, ырлары сакталбай калганына өкүнөт. Аны алар жашаган аймак башка мамлекеттин карамагына кирип калганы менен түшүндүрөт. Өзү орто мектепти өзбек тилинде аяктап, өз алдынча комуз чертип жүрүп, кийин пенсияга чыкканча эсепчилик кызматты аркалаганын айтты:
«Атадан калган салт боюнча комузга кызыгып калдым. Мага аны эч ким деле үйрөткөн эмес. Аны менен алектенип жүрүп чоң комузчу болбосом да көп нерселерди билем десем болот».
Жусуповдун байкоосунда учурда Өзбекстандын аймагында жашап жаткан кыргыздар өзүнүн улуттук маданиятын жоготуп баратат.
«Бизде комузга кызыккандар сейрек, - деди ал. - Манасчылыкты дээрлик билишпейт. Анткени ал жерде чөйрөбүз ошондой болуп калган. Баары өзбекче окуйт. Тили бурулуп калды. Азыр кыргыз айылдарынын жаштары «шеба» деп таптакыр башка тилде сүйлөй баштады. Алар нак кыргызчаны түшүнбөйт. Антпегенде кантет? Кыргыз мектеп жок. Мектеп ачалы десе кыргыз тилинде адистер жок. Ушундай себептерден улам өзбекче окуйбуз. Бирок жашообуз жакшы. Өзбектер менен ынтымагыбыз бар».
Кенжебай ата анжияндык журтташтарыбыз мурда төмөнкү дастандарды угуп келгенин эске салды:
«Мурда «Бекташ», «Шамшия кыздын арманы», «Кыр уул Бешим» деген дастандар болгон экен. Атам ошолорду ырдап чертчү экен. Мен текстти билбейм. Бирок обондорун жаттап калгам. Менин агам кыйын комузчу болгон экен. Мен атамдын дастандарын агам аркылуу жаттап алгам».
Комузчу «Кырк уул Бешим» дастанынын сюжети тууралуу кеп салды:
«Бешим деген баатыр болгон экен. Ал казак акынын эшик ырчысы кылып жүрүп үйүнө кете турган кезде өзүнүн кичүү аялын мал-мүлкү менен белек кылат экен. Бирок ага чейин эшик ырчы болуп жүргөн акын Бешимдин аялдарын «эне» деп көнүп калган экен. «Эне» деп келген аялды жубайлыкка алганга болбойт эмеспи. Ошондо Бешимдин жары арман кылып:
Эшекти кармап такала, Бешим,
Эне-Сай боюн жакала, Бешим...
Өгүздү кармап такала, Бешим,
Өзөндү бойлоп такала, Бешим, - деп кошкон экен»...
Ал эми «Шамшия кыздын арманы» деген дастанда калмак ханы алып кеткен кыргыз кыздын арманы баяндалат.
Кенжебай Жусупов чоң, кара күүлөрдөн Карамолдо Орозовдун «Насыйкатын» ийине келтире аткарат экен.
Деген менен маектешибиз өзү жашаган аймактагы жаштар арасында кыргыз ырларына, күүлөрүнө болгон кызыгуу акырындап солгундап баратканын айтып, анын себебин мындайча чечмеледи:
«Шарт ошондой болуп калды. Чөйрө ошого үйрөтүп койду. Эгер бул жактан кыргыздар тез-тез барып концерт коюп, кыргыз ырын, музыкасын сиңирсе кызыкккандар болушу мүмкүн эле. Тилекке каршы, андай болбоду. Маданий байланыш жокко эсе. Комузга анча деле кызыга беришпейт. Бирок башка нерселерибиздин баары эле кыргызча. Той-тамашабыз, өлүм-житимибиз кыргызча эле жүрөт».
Жусупов учурда уулдарынын бири Кыргызстандын борборунда түтүн булатып, кыргыз ырын, күүсүн, манасын угуп жашап жатканына курсант.