Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:16

Өзбекстанда үч облустун акими элден кечирим сурады


Өзбекстанда элден кечирим сураган акимдер.
Өзбекстанда элден кечирим сураган акимдер.

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевдин талабы менен Кашкадарыя, Фергана жана Хорезм облустарынын акимдери элден кечирим сурашты. Алар социалдык тармактар аркылуу тараткан билдирүүдө «тургундардын макулдугусуз алардын үйлөрүн, имараттарын буздурууга күнөөлүү экенин, айыбын мойнуна алышарын» айтышкан.

Шавкат Мирзиёев 2-августта өкмөттүн жыйынында бул акимдерди катуу жемелеген жана элден кечирим сурашын талап кылган:

- Уяты жоктор, мен кимиңерге «үйлөрдү буздургула» деп буйрук бердим эле? Мен силерге «тургундардан уруксат алгыла» деп айткам.

Өзбекстанда мамлекеттик жана коомдук маанидеги керектөө үчүн деп жүздөгөн жеке имараттар, турак-жайлар түрттүрүлөт жана бул көп учурда нааразылык менен коштолот. Мунун айынан өзүн өрттөгөн, буздуруу үчүн келген аткаминерлерге кол көтөргөн, анын айынан камакка алынган окуялар катталат.

Өлкөнүн Юстиция министрлиги аймактарда түрттүрүлгөн имараттардын ээлерине өкмөт 300 миллиард сум (35 миллион доллар) карыз экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG