Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:14

Өзбекстанда жаманатты болгон «Жаслык» түрмөсү жабылат


«Жаслык» түрмөсүндө отургандардын жакындары кыйноо тууралуу маселе козгоп бир канча жолу нааразылык акцияга чыгышкан.
«Жаслык» түрмөсүндө отургандардын жакындары кыйноо тууралуу маселе козгоп бир канча жолу нааразылык акцияга чыгышкан.

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев «Жаслык» түрмөсүн жабуу тууралуу буйрук чыгарды. Ага ылайык, атайын комиссия түзүлүп, түрмөдөгүлөрдү башка жакка которуу иштери башталды.

Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан автономиялуу республикасындагы шарты катаал «Жаслык» түрмөсү 1999-жылы Советтер Союзунун тушунда химиялык курал сыналган жайдын ордуна ачылган. Анда негизинен диний экстремизм боюнча соттолгон адамдар кармалып келген.

Түрмө ириде аёосуз кыйноого, адам өлүмү менен аяктаган кейиштүү окуяларга байланыштуу атагы чыккан жана эл арасында «барса келбес» деген атка да конгон.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары жаманатты болгон «Жаслык» түрмөсүнүн жабылып жатканын кубатташты.

XS
SM
MD
LG