Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:49

Кыргыз өкмөтү өлкөнүн киберкоопсуздук стратегиясын бекитти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү өлкөнүн киберкоопсуздук стратегиясын бекитти. 2019-2023-жылдарга эсептелген стратегия тууралуу токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Токтомго ылайык, банк жана телекоммуникация сыяктуу тейлөө тармактарындагы компьютердик системанын ишине коркунуч жаралса ыкчам чара көрө турган топтор түзүлүп, компьютердик кылмыштарга каршы укуктук жана усулдук негиз иштелип чыгат. Маалыматты коргоонун улуттук системасы түзүлүп, мамлекеттик органдар менен өкмөттүк эмес уюмдардын киберкоопсуздугу камсыз кылынып, бул жаатта эл аралык кызматташтык жөнгө салынат.

Кыргызстанда маалыматтык коопсуздук концепциясы жана киберкоопсуздук стратегиясы 2018-жылы ноябрда иштелип чыгып, мамлекеттик органдар менен макулдашууга жөнөтүлгөн.

«Freedom House» эл аралык укук коргоо уюмунун Интернеттеги эркиндик деңгээлин аныктаган соңку жылдык баяндамасында Кыргызстан 65 мамлекеттин арасынан 38-орунду ээлеп, «Интернети жарым-жартылай эркин» өлкөлөрдүн катарына кирген. (RK)

XS
SM
MD
LG