Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Балбал таштар эсептеле баштады


Кара-Кужур жайлоосундагы балбал таш. (Жаңыл Жусупжандын сүрөтү).
Кара-Кужур жайлоосундагы балбал таш. (Жаңыл Жусупжандын сүрөтү).

Кыргызстанда балбал таштар эсептелип, расмий каттоого алына баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Чынарбек Жолдошев билдирди.

Анын айтымында, министрликтин маданий мурастарды сактоо бөлүмү 2018-жылдан тартып балбал таштарды каттай баштаган. Алгач бул иш Бишкек шаарында жүрүп, быйыл Талас облусуна өттү.

- Балбал таштардын так санын аныктоо максатында атайын программа түзүп, каражат бөлүнүп, иш жүргүзүп атабыз, - деди ал. - Бишкек шаарында эки жүздөн ашык балбал бар экенин аныктадык. Ал эми быйыл Талас облусундагы балбал таштарды каттоону баштап жатабыз.

Жолдошев белгилегендей, калган облустарда бул иш акчанын тартыштыгына байланыштуу кийикин жылдары жүргүзүлөт.

Кайсы бир маданий мекеме же жеке менчик имарат кооздук үчүн өз короосуна коюп алган балбал таштар тууралуу да атайын жол-жобо каралган. Мындай учурда кожоюн өкмөткө ал тарыхый эстеликти түбөлүк сактоо кепилдигин берүүгө милдетүү.

Адистердин божомолунда, учурда Кыргызстандын аймагында 600гө жакын балбал таш бар. Маданият министрлиги коомчулуктан каралбай калган же кимдир-бирөөлөр жеке менчиги катары пайдаланып жүргөн балбал таштар тууралуу маалымат берүүнү өтүнөт. (ZA)

XS
SM
MD
LG