Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Иран: өмүр бою соттолгон программист Саид Маликпур түрмөдөн качып кетти


Саид Маликпур
Саид Маликпур

Иранда туулуп-өскөн канадалык программист Саид Маликпур 11 жылдан кийин абактан качып, Канадага кайтып келди. Ал 2008-жылы Ирандагы ооруган атасын көрүү үчүн барган кезде камакка алынып, порно сайттарды жасаган деп күнөөлөнгөн. Алгач ал өлүм жазасына кесилип, кийин бул өмүр бою камак жазасы менен алмаштырылган.

Саид Маликпурдун Канадага кайтып келгендеги видеосун карындашы «Твиттерге» жайгаштырып, бирок кенен маалымат берген жок.

Иран бийлиги 44 жаштагы Маликпур кыска мөөнөткө абактан бошоткон кезде качып кеткенин кабарлады. Сот бийлигинин өкүлү Гулам Хусейн Эсмаилинин айтымында, «Маликпурга үч күндүк абак дем алышы» берилген жана «ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган» болчу.

«Көрүнүп тургандай, ал өлкөдөн чыгуунун мыйзамсыз жолдорун пайдаланган», - деди Эсмаили.

Канададагы Макгилла университетинин эл аралык укук боюнча эксперти, БУУнун мурдагы прокурору Паям Ахаван иран өкмөтү Маликпурду эл аралык басым болгондон кийин убактылуу бошотконун билдирди.

«Ал түрмөдөн БУУнун адам укугун коргоочу органдарынын Иранга жасаган басымы менен убактылуу бошотулган жана ал түрмө жетекчилигине маалымат берип турушу керек эле. Бирок мунун ордуна өлкөдөн чыгып, үчүнчү мамлекет аркылуу Канадага келди», - деди Паям Ахаван.

Анын айтымында, Иранда эч ким, анын ичинде туугандары жана адвокаты да Маликпурдун өлкөдөн кетип калуу тууралуу оюн билген эмес.

XS
SM
MD
LG