"Манас" аэропортунан Pegasus компаниясынын Бишкек-Стамбул багыты боюнча сапарга чыккан самалетто бир жарым айлык бала чарчап калды.
Бул маалыматты "Манас" эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы ырастады.
3-августта Стамбулга жөнөгөн учак таңкы саат 8:50 учуп, бир нече убакыттан кийин капитан "Манас" аэропортуна кайра конууга уруксат сураган. Ал жүргүнчүлөрдүн бири өзүн жаман сезип жатканын маалымдаган. Учак кайрадан Бишкекке саат 10дон өткөндө конгон.
"Тез жардам" медицина борборунун кызматкерлери жана аэропорттун дарыгерлери наристени текшерип, анын чарчап калганын аныкташкан.
Айрым маалыматтар боюнча баланы ата-энеси чет өлкөдөгү дарыгерлерге көрсөтүүгө алып бараткан.
Бишкек-Стамбул багыты боюнча учак кайра учуп кеткен. (TSh)