Мурдагы макулдашууну төрт жыл мурда расмий Бишкек бир тараптуу токтотуп салган.
Ушул күндөрү АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Жонатан Хеник Бишкекке келип, тышкы иштер министри баштаган өкмөт өкүлдөрү менен кезектеги кеңешмеге катышып жатат.
Бул кеңешме жаңы иштелип жаткан өкмөттөр аралык макулдашууга түздөн-түз тиешеси жок болгону менен эки тараптуу кызматташуунун жанданышында маанилүү роль ойной турганы белгиленүүдө.
Жонатан Хеник 30-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушту.
Эртеси күнкү сүйлөшүүлөр министрдин орунбасары Азизбек Мадмаровдун катышуусунда өттү. Тышкы иштер министрлигинин жетекчилери менен сүйлөшүүлөр тууралуу АКШнын мамкатчысынын өкүлү Жонатан Хеник “Азаттыкка” төмөнкүдөй маалымат берди:
“Биз алакаларды бекемдөө жана иш орундарды түзүү, инвестицияларды жогорулатуу, бизнес климатын оңдоо, укук коргоо, экологиялык, айыл-чарба, саламаттыкты сактоо, билим берүү жаатында кызматташууну жакшыртуу, аны кеңейтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо боюнча эки тараптуу келишимди талкуулап жатабыз”.
АКШнын делегациясы төртүнчү кыргыз-америка эки тараптуу кеңешмесине катышуу үчүн Бишкекке 30-июлда келди. Мындай сүйлөшүү акыркы ирет 2015-жылы Вашингтондо уюштурулган.
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан кабарга ылайык, сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Вашингтон студенттик жана жумуш визаларга төлөмдөрдү азайтууга макул болду. Арзандаган сумманын баасы азыр так айтыла элек, ал тийиштүү процедурадан соң жарыяланып, быйыл 7-августта күчүнө кирет. Буга чейин визанын түрүнө жараша 160 доллардын тегерегинде төлөнүп келген.
Ошондой эле АКШ Борбор Азиянын аймактык электр кубатынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө кошумча инвестиция тартары айтылып, Кыргызстан менен макулдашылды. Анын тартиби да сүйлөшүүлөрдүн аягында белгилүү болмокчу.
Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган.
2015-жылдын июлунда Кыргызстандын ошол кездеги премьер-министри Темир Сариев АКШнын Мамлекеттик департаменти өмүрүн аягына чейин камалган Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” ыйгарган сыйлыгынан соң эки тараптуу кызматташууну үзүү демилгесин көтөргөн. Мындан улам кыргыз өкмөтү келишимди бир тараптуу денонсациялаган.
Кийинчерээк Вашингтон жаңы келишим түзүүнү сунуштап, сүйлөшүүлөр башталган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Улан Дыйканбаев анын жүрүшү жөнүндө буларды билдирди:
“Быйыл эле сүйлөшүлөрдүн үч раунду өттү. Өкмөттөр аралык техникалык-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча жаңы келишимдин долбоору азыр деле каралып жатат”.
АКШ президенти Дональд Трамп быйыл кыргызстандыктарды жана президент Сооронбай Жээнбековду Нооруз майрамы менен куттуктап, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча келишимдин түзүлүшүн күтүп жатканын билдирген.
Мамлекет башчы Жээнбеков да Кыргызстан БУУга мүчө бардык өлкөлөр менен көп векторлуу саясат жүргүзүүгө кызыкдарлыгын айткан.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине быйыл июнда сүйлөшүүлөрдүн баштапкы жыйынтыгы боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат берген.
Комитеттин төрагасынын орунбасары, депутат Абдувахаб Нурбаев билдиргендей, өкмөт документти министрликтер менен талкуулап жатат:
“Келишим түзүлсө, Кыргызстанга көбүрөөк пайдасы тиет. Мурдагы келишимдин алкагында билим берүү, ишкерлик жана айыл чарбага АКШ колдоо көрсөтүп келаткан. Мен жакшы билем, тигүү цехинде иштегендерге жаңы технологияларды сатып алууга 20 миң долларга чейин грант берип жаткан. Анын баары токтоп калды. Өкмөт макулдашуу иштерин жүргүзгөн соң токтом кабыл алат. Кийин Жогорку Кеңешке жиберилет. Биздин комитет карап чыккандан соң ратификацияга болот”.
Укук коргоочу, Кыргызстандын президенттик шайлоорлорунда бир канча жолу талапкер болгон Токтайым Үмөталиева АКШ менен түзүлүп жаткан жаңы кызматташуу келишиминде экологиялык, экономикалык жана маданий карым-катышка гана басым жасалышы зарылдыгын белгиледи:
"Мен АКШ менен кызматташуунун жанданышын колдойм. Бул айрыкча, билим берүү, экономика жана экология жаатындагы өнүгүү үчүн өтө пайдалуу. Бирок өтө кылдаттык керек. Жаңы келишимди түзүүдө Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы, саясий кызыкчылыгы эске алынышы зарыл. Өлкөнүн ички саясатын урматтоо механимздери сакталышы керек. Деги Кыргызстандын башка мамлекеттер менен алака-катышында да ушул ыкма сакталууга тийиш".
АКШ Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчи болуп тааныган мамлекет жана ири донорлордун бири. Вашингтондун расмий маалыматтарына караганда, Кыргызстан эгемендик алгандан бери АКШ 2 миллиард доллардан ашуун жардам көрсөткөн.
Быйыл 10-октябрда АКШ элчилиги биринчи жолу Бишкекте Эл аралык франшиза жана соода көргөзмөзүн уюштурат. Бул көргөзмө АКШ, Европа Биримдиги, Түштүк Корея жана Жапония компанияларын кыргыз жана аймактык бизнес лидерлери менен байланыштырат.