Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

Британиянын экинчи аскердик кемеси Перс булуңуна келди


Иран кармаган британиялык "Stena Impero" танкери, 21-июль, 2019-жыл.
Иран кармаган британиялык "Stena Impero" танкери, 21-июль, 2019-жыл.

Улуу Британиянын экинчи аскердик кемеси Перс булуңуна келди. "Дункан" кемеси аймакта жүргөн "Монтроз" фрегатынын катарына кошулганын өлкөнүн Коргоо министрлиги 28-июлда билдирди.

Расмий маалыматта бул аскердик кемелер Перс жана Оман булуңдарын байланыштырган Ормуз кысыгынан өткөн британиялык кемелердин коопсуздугун камсыз кылууну көздөөрү белгиленген.

Иран өкмөтүнүн басма сөз катчысы Али Рабиеи Британиянын Перс булуңуна өз флотун жөнөткөнүн "кастык маанайдагы" аракет катары мүнөздөдү.

Расмий Лондон Перс булуңуна кароол кемелерин жөнөткөнүн 19-июлда Ирандын британиялык мунай ташыган кемени кармаганына жооп катары мүнөздөп жатат.

Эки жума мурда британ бийлиги Гибралтарда Сирияга мунай ташып баратат деген шек менен Ирандын бир танкерин кармаган болчу.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Перс булуңундагы кеме кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн аймакка аскердик кемелерди жөнөтүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG