Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:54

"Талибан" ооган өкмөтүнүн сүйлөшүү сунушун четке какты


Ооганстан.
Ооганстан.

"Талибандын" өкүлү Сухаил Шахин аталган топ тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ооган өкмөтү менен АКШ чет өлкөлүк аскерлерди чыгаруу тууралуу макулдашкандан кийин гана барарын айтты.

Кыймылдын басма сөз өкүлү Забихулла Мужахид болсо Кабул менен жолугушуу тууралуу макулдашылбаганын билдирди.

Мунун алдында ооган бийлигинин тынчтык сүйлөшүүлөр боюнча өкүлү Абдул Салам Рахими 15 адамдан турган атайын топ талибдер менен түз, тынчтык сүйлөшүүгө даярданып жатканын кабарлаган. Ал бул тууралуу АКШнын Ооганстандагы атайын өкүлү Залмай Халилзад Кабулга келгенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айткан:

- Биз бардык тараптар менен иштешип жатабыз жана алдыдагы эки аптанын ичинде жолугушуу Европадагы өлкөлөрдүн биринде өтөт деп ишенебиз.

Ооганстандагы 18 жылдык согушту токтотууга багытталган сүйлөшүүлөр уланып жатканына карабай, дээрлик күн сайын адам өлүмү менен коштолгон чабуулдар болот.

АКШ “Талибандын” өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүдө алардын чет элдик аскерлерди чыгаруу талабына макул экенин, ошол эле кезде Ооганстан террордук топтордун жайына айланбайт деген кепилдик болушу керектигин билдирген.

Расмий Вашингтон 1-сентябрга - президенттик шайлоого чейин тынчтык келишимин түзүүгө жетишүүнү ниет кылууда.

Ооганстанда президенттик шайлоо 28-сентябрда өтөт жана ага 17 талапкер катышканы жатат. Талапкерлердин арасында аялдар жок, дээрлик баары мурдагы аскер жетекчилери.

Талибдер Ооганстандын дээрлик жарымын көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG