Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Сот депутат Момбековго акчалай айыппул салды


Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков.
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков.

Сокулук райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго акчалай айыппул салды.

Буга чейин Маалыматтык технологиялык жана байланыш комитетинин мурдагы жетекчиси Бакыт Шаршембиев «кадыр-баркыма шек келтирди» деп Момбековдон 1 миллион сом моралдык кенемте өндүрүүнү талап кылган.

Сот 26-июлда Шаршембиевдин арызын негиздүү деп тапты. Чечимге ылайык, Рыскелди Момбековду Бакыт Шаршембиевдин пайдасына 25 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Депутат Момбеков соттун чечимине нааразы экенин айтып, чечим мыйзамсыз кабыл алынганын билдирүүдө:

«Депутат парламентте сүйлөгөн сөзү боюнча куугунтукталбашы керек. Ага карабай, эч кандай экспертиза өткөрбөй туруп эле мени күнөөлүү деп тапты. Бул туура эмес. Мен бул райондук соттун чечиминин үстүнөн облустук сотко жана соттордун Тартип комиссиясына арызданам», - деди Момбеков.

Буга чейин депутат Рыскелди Момбеков парламент жыйынында Бакыт Шаршембиевдин ишин сынга алып, ага карата кылмыш иши козголгону боюнча маалыматтын чоо-жайын сураган. Мындан соң Шаршембиев "Момбеков жалган маалымат таратып жатат" деп сотко кайрылган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG