Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:53

АКШ өлүм жазасын федералдык деңгээлде калыбына келтирет


АКШдагы түрмө.
АКШдагы түрмө.

Кошмо Штаттардын Юстиция министри Уильям Баррдын айтымында, ушул жылдын аягында жана келерки жылдын башында беш киши сот өкүмү менен өлүмгө тартылат. Алар "адам өлтүрүү" үчүн айыптуу деп табылышкан.

Бул өлкөдө өлүм жазасы 2003-жылдан бери федералдык деңгээлде ишке ашкан эмес.

АКШ 1963-1988-жылдары өлүм жазасын аткарууну убактылуу токтоткон. 2003-жылдан кийин федералдык деңгээлде формалдуу мораторий киргизилген.

Бирок бул жогорку жазаны айрым штаттардын бийликтери гана ишке ашырып келишкен.

"Death Penalty Information Center" уюмунун маалыматы боюнча ушу тапта АКШда 2 жарым миңдей киши сот тарабынан өлүмгө өкүм кылынган. Федералдык деңгээлде 62 киши, арасында 2013-жылы Бостондо теракт уюштурууга айыпталган чеченстандык Жохар Царнаев да бар.

21 штат жана Колумбия аймагы өлүм жазасын таптакыр жоюшкан. Өлүм жазасына уруксат берилген штаттарда 1990-жылдардын аягында 100 кишинин өкүмү аткарылса, 2018-жылы 25 кишиге жашоону токтоткон дары сайылган.

XS
SM
MD
LG