Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:25

Журналист Эгизбаевдин өлүмү боюнча сот 7-августта уланат


Уланбек Эгизбаев.
Уланбек Эгизбаев.

«Азаттыктын» журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнөн кийин «Акун» пансионатынын администрациясына козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум 7-августта уланат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзада Ашырбаева билдирди.

«Иш соттун демилгеси менен жылдырылган жок. Ага прокурорлордун өтүнүчү негиз болууда. Мамлекеттик айыптоочу сотко Уланбек Эгизбаевдин аялы келип көрсөтмө берүүсүн сурап жатат».

Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши 2018-жылдын ноябрь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Эгизбаев сууга чөгүп каза болгон жана ал эс алган пансионатта коопсуздук эрежелери сакталган эмес» деген тыянакка келген. Кылмыш ишинин негизинде эс алуу жайынын эки кызматкери Кылмыш кодексинин 258-беренеси ("Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү") боюнча айыпталууда.

Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатында эс алып жүргөн кезде сууга чөгүп, күтүүсүз каза болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG