Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:33

Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси камалды


Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун кеңешчиси Нурбек Жолборсовду күч органдары кармап, соттун чечими менен эки айга камады. Бул тууралуу "Азаттыктын" ишенимдүү булактары кабарлады.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кылмышка шектүү Нурбек Жолборсов Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайына 6-июлда киргизилгенин билдирди.

Аскер прокуратурасы тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу иштин чоо-жайын айткан жок.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов кеңешчисинин кармалгандыгынан кабарсыз экенин "Азаттыкка" айтты:

- Менин деле маалыматым жок, тактайын десем, маалыматым болбой жатат. Өзү 1-июлдан эмгек өргүүсүнө кеткен. Телефону өчүрүлгөн. Расмий түрдө эч нерсе берише элек. Маалыматым жок.

35 жаштагы Нурбек Жолборсов Нурболот Мирзахмедов Сузак районунун акими болуп турган жылдардан бери чогуу иштеп жүргөн.

XS
SM
MD
LG