Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:47

Бишкек-Ош жолунун Маданият-Жалал-Абад бөлүгүндөгү иш токтоп калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек-Ош жолунун Маданият - Жалал-Абад бөлүгүндөгү 67 чакырымга созулган курулушу токтоп калды.

Евразия өнүктүрүү банкынын каржылоосундагы ишти азербайжандык «Азвирт» компаниясы аткарып жаткан. Жумушчулар курулушта иштегендерге май айынан бери айлыгын бере элек экенин кабарлашты. Учурда компания 400дөн ашуун адамга 600 миң долларга жакын акча карыз.

«Азвирт» компаниясынын Кыргызстандагы филиалынын директору Низами Гараисаев ишкана азыр каржылык оор кырдаалда турганын айтты.

Транспорт жана жолдор министрлигинин аймактык координатору Акжолбек Бегалиев Евразия өнүктүрүү банкынан каржылоо кечигип жатканын билдирди.

Ош-Бишкек трассасындагы 67 чакырымга созулган жолдун курулушу былтыр башталган. Ага Евразия өнүктүрүү банкы 60 млн. доллар каражат бөлүп, тендерден азербайжандык компания утуп алган.

Жол курулушунун токтоп турушу боюнча Евразия өнүктүрүү банкынан азырынча комментарий ала алган жокпуз.(RsK)

XS
SM
MD
LG