Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:47

БУУ АКШда иран министринин кыймылынын чектелишине камтама болду


Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф
Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кошмо Штаттары Ирандын тышкы иштер министринин жүргөн-турганына чектөө койгонуна тынчсыздануу билдирди.

14-июлда министр Мохаммад Жавад Зариф БУУнун жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркко барган. Зарифке БУУнун жана Ирандын өкүлчүлүктөрүнүн кеңселерине, Кеннеди аэропортуна барчу жолдо гана жүрүүгө уруксат берилгенин АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү билдирген.


Америкалык аткаминер “зыяндуу пропагандасын жайылтуу үчүн АКШдагы эркиндикти колдонууда" деп Зарифти айыптады.

Вашингтон негизи эле өзүнө кас санаган өлкөлөрдүн дипломаттарынын баскан-турганын чектеп, Нью-Йорктогу радиусу 40 чакырымдык Коламбус шакекчесинен башка жактарга барышына тыюу салып келет.

XS
SM
MD
LG