Нигериялык сенатор, укук коргоочу жана Жарандардын укугу боюнча конгресстин президенти Шаху Сани мекендеши Абу Тижжани Абубакар Бишкекте киши колдуу болгонуна байланыштуу кыргыз өкмөтүн жоопко тартууга чакырган билдирүү таратты. Мындай пикирин ал 13-июлда «Твиттерге» жазып, чет элде нигериялыктар өлүмгө көп дуушар болуп жатышканына да тынчсыздануусун билдирди.
2-июлда Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунун жанында Нигериянын 34 жаштагы жараны, «Cambridge School» тил үйрөнүү мектебинин мугалими Али Тижжани Абубакар бир адамдын соккусунан жерге кулап, ооруканада эки күн комада жатып көз жумган.
Кылмышка шектүү катары 22 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Ал милицияга Али Тижжани Абубакар менен кокустан чырдаша кеткенин, экөө мурда тааныш болбогонун айткан. Бишкектин Свердлов райондук милициясы бул окуяга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.