Буга чейин өлкөдөн чыгарылып кеткен акчалардын чоо-жайын иликтеген мекеменин жетекчиси Бакир Таиров «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү эки адамга тууган экенин ырастаган. Бул иликтөө ачык-айкын болушунан шек жаратпайбы?
Финансы полициясы «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Саймаити менен Бумаилиаму «2 338 700 доллар которгону ырасталган жок» деп билдирүүдө. Бирок «Азаттыктын» колунда Финполдун фондго которулган акча тууралуу маалыматы толук эмес экенин ырастаган документтер бар.
Ал документтер кезектеги иликтөөдө көрсөтүлөт.
«Азаттык» буга байланыштуу саясатчылар менен журналисттердин пикирин чогултту.
Байтемир Ибраев, мурдагы башкы прокурор:
- Журналисттик иликтөө, албетте, мамлекеттик органдарга коррупция менен күрөшүүдө аябай чоң жардам деп айтсак туура болот. Маңыздуу, маанилүү жана туура иликтөө дагы чоң фактор. Журналисттин иликтеген материалы, маселени чечүүгө себеп жана түрткү гана болуш керек.
Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты:
- Иликтөө боюнча журналисттердин дүйнөлүк ассоциациясы бар. Алар стандарттык эрежелер менен иштейт. Биз ошого таянышыбыз керек.
Экинчиден, Би-Би-Си менен «Азаттыктын» бул багытта тажрыйбасы бай. Мисалга буга чейинки Уланбек Эгизбаевдин, Ыдырыс Исаковдун иликтөөлөрүн алсак болот.
Үчүнчүдөн, Роза Исакованын (Отунбаева) фонду ошого чоң стипендия, грант жарыялабадыбы. Себеби, ал чоң каражатты, эбегейсиз кесипкөйлүктү, укуктук документтерди талап кылат. Ал коомчулуктун колдоосуна ээ болушу керек.
Ушак-айыңдык журналистиканы документалдык иликтөө журналистикасы жеңе турган доор келди окшойт. Себеби, мамлекеттик институттар, укук коргоо органдары, парламент, кээде өкмөт аткара албай калган функцияны, вазыйпаны документалдык журналистика, иликтөө журналистикасы аткарып жатат. Бул жарандык коомдо өтө маанилүү фактор деп ойлойм.
Мамлекеттик институттар бизде өтө чабал. Өзүндө жок документти журналисттер таап жатканы алардын деңгээлинен кабар берип жатпайбы. Кайсы гана доордо болбосун бийлик өзүн гана сактаганга аракет кылат. Аны прогрессивдүү жарандык коомчулук дайым талап кылып, жол көрсөтүп турушу керек.
Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаты:
- Кыргызстан - кичинекей мамлекет. Сөз болбош үчүн, текшерүү процедурасын АКС кызматкерлерине же Финчалгынга, же башка бирөөгө бериш керек. Финполиция чыгарган маалыматтарды мен кечээ окудум. Жанагы фондго 2 миллионго жакын доллар келиптир. Мамлекеттик кызматкер чет өлкөдөн кайсы акчаны алып жатат? Аны текшерип көрүшү керек. 700 миллион доллар деген аябай чоң акча.
Амангелди Муралиев, мурдагы премьер-министр:
- Негизи иликтөөдө аты аталган адам менен маалыматты текшерген органдын жетекчисинин тууганчылык жайы болсо, ишти башка кишилер иликтеши керек. Моралдык укук деген да бар да. Мен журналисттик иликтөөлөр коррупция менен күрөшүүгө чоң жардам берет деп ойлойм. Өнүккөн, коому, саясаты таза мамлекеттерде журналисттердин иликтөөлөрү аябай пайдалуу. Бул жагынан журналисттерди колдоо керек. Журналисттердин иликтөөлөрү орто жолдо калбайт деп ойлойм. Коом маалыматты окуду. Мамлекеттик органдар, өзгөчө партиялар көңүл бурушу керек.
Аскер Сакыбаева, журналист:
- Менимче, иликтөөнүн милдети - журналист кайсы объектини иликтөөгө алса, ошонун бардык ачылбай жаткан жагдайларын ачыкка чыгарып, бардык тараптарга тең салмактап, тең көңүл бөлүп, бардык жагдайларды ачыкка чыгарып коюш эле. Журналисттерге караганда мамлекеттик кызматта мүмкүнчүлүк көп, колдо рычаг бар да. Мыйзам чегинде, мамлекеттик кызматтын чегинде таасир көрсөтө алышат.
Тилекке каршы, журналист таап чыккан материалдарды толук иликтөөнүн ордуна тапкан материалдарын бербей жатат. Кыргызча айтканда, бул догурунуу. Мен муну укканда аябай таң калдым. Чын эле биздин мамлекеттик кызматтар ушундай деңгээлге жетип калдыбы? Анан калса ошол мамлекеттик кызматтын жетекчиси ошол иликтөө объектисине кандайдыр бир туугандык жайы бар экенин айтып жатат. Бул эмнени түшүндүрөт, ошол мамлекеттик кызмат иликтесе деле обьективдүү болобу? Ушул суроо иликтөөдөн мурда туруп жатпайбы.