Котормочулар болсо бул багытта азырынча чоң чыгармаларга кирише албай жатышканын, көбүнчө чакан аңгемелерге, агартуу, таанытуу багытындагы адабиятка гана басым жасап жатышканын айтышат.
«Мааниси терең чыгармалардан издеп отуруп италиялыктардын 2000дей чыгармасын окуп чыктым окшойт», - деп сөз баштады конкурстун катышуучусу Миргүл Өмүралиева.
Ал он беш жылдан бери Италияда жашайт. Мекендешебиз сынакка итальян тилинен Антония Буиццанын «Курбулар» аттуу чыгармасын түп нускадан которуп, алдыңкы орунга жетишти.
«Антония Буицца өзү мурда мага окшоп мугалим болуп иштептир. Башында китеп сүйүүчү болуп, көптөгөн чыгармаларды окуп, кийин өзү да бир топ китеп чыгарган. Мен ал чыгармаларынын ичинен «Курбуларды» тандап калганым - бул чыгармада улуу муундагы адамдардын жашоосу тууралуу кеп болот. Мен ал аңгемени которсом окурмандар улуу муундарга болгон мамиле Италияда кандай, Кыргызстанда кандай экенин салыштырып окуйбу деп ойлодум».
Миргүл Өмүралиева мурда Кыргызстанда билим берүү чөйрөсүндө иштеген. Жумушсуздуктун айынан 15 жыл мурун Италияга кетип, азыр ошол жакта жашайт. Адистердин айтымында, кыргыз адабиятынын тарыхында итальян тилинен кыргызчага которулган көркөм чыгармалар дээрлик болгон эмес.
Конкурста иши биринчи байгеге татыктуу деп табылган үч калемгердин бири Азат Жапарбек. Ал америкалык жазуучу Амброз Бирстин «Үкү-Сай көпүрөсүндө болгон окуя» аттуу чыгармасын түп нускадан оодарганы үчүн жеңүүчү деп табылган. Азат студент кезинен бери англис тилиндеги чакан аңгемелерди, эсселерди которуп келгенин кеп салды:
«Негизи эле кайсы бир чыгарманы которуш үчүн алгач аны сүйүш керек. Ошондо гана котормочу ошол көркөм чыгарманы өңүнө чыгара которо алат. Бул чыгарма мага эмнеси менен жакты? Өлүм! Мында өлүм тууралуу сөз болот. Баарыбыз эле өлөбүз да. Баарыбыздын эле барар жерибиз бир дегендей... Бирок тирүүлүктө баарыбыз кыял менен жашайбыз. Чыгармада кыял эң акырында өлө турганын, ал кандай болорун жеткирип бергени үчүн мага жакты. Бул чыгармага ошондуктан кайрылдым. Анын үстүнө түзүмү, баяндалышы аябай терең берилиптир».
Деген менен Азат бүгүнкү котормолор өзүнүн купулуна толбой жатканын да кошумчалады:
«Азыр адабий көркөм табитибиз толук калыптанбай жаткандан улам кыргызчаланып жаткан чет элдик чыгармалар чаржайыт болуп жатат. «Кайсы чыгармаларды которсок өзүбүздүн жаштарга, коомчулукка пайдалуу болот?» деген теманы жакшы өздөштүрө албай жатабыз. Алгач адабияттарды окуп, алар тууралуу айтылган сын-пикирлер менен таанышып, электен өткөрүп чыгышыбыз керек. Ошондо гана жакшы котормолор пайда болот деп ишенем».
Азат 27 жашта. Ал Бишкектен Эл аралык «Ататүрк-Алатоо» университетин аяктап, эки жыл мугалим болуп иштеген. Азыр Орусияда эмгектенип жүрөт.
«РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү, котормочулар сынагын уюштургандардын бири Олжобай Шакирдин айтымында, сынактын жыйынтыгы өзү күткөндөн да мыкты өттү. Ал азыр дүйнө кезип жүргөн мекендештер Кыргызстанга экономикалык жактан эле салым кошпой, рухий баалуулуктарды арттырууга да салым кошууга умтулуп жатышканын айтты:
«Сынак ушуну менен экинчи жолу уюшулуп жатат. Биринчисинде чынында мындан да көп тилде катышкан. Түшкөн чыгармалардын саны 47 болгону менен 12 тилден которулган чыгармалар келген. Бул жолу 62 чыгарма келип түштү. Алар сегиз тилден кыргызча которулган чыгармалар болду. Ал чыгармалар түп нускадан которулганы абдан кубандырды. Себеби алардын көбү тек гана котормо эмес, өрнөктүү текст болгону калыстар тобун да таңдандырды».
Олжобай Шакир буга чейин кыргыз акын-жазуучулары Чыгыштын, Батыштын, коңшу элдердин адабияттарынын дээрлик баарын орус тилинен гана которуп келсе, бүгүнкү күндө түп нускадан которулган чыгармалар арбып баратканына кубанат.
Котормо конкурсунда жеңишке жетишкендерге сыйлык тапшыруу аземи 19-июль күнү Бишкекте өтөт. «Мыкты котормо» сынагы быйыл «РухЭш» сайты тарабынан экинчи жолу өтүп жатат.
Анткен менен эгемендик жылдары улут адабиятында котормо жанры дээрлик өнүкпөй жатканы тууралуу пикирлер айтылып жүрөт.