«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте түрмөдөн бошотулушу боюнча сурак берген парламенттеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиевдин абалы дурус.
Бул тууралуу «Азаттыкка» Рысалиев дарыланып жаткан Бишкектин четиндеги Таш-Дөбө кыштагындагы (Воронцовка) Кыргыз улуттук курортология институтунун жетекчисинин орун басары Махмуд Султанмуратов билдирди. Анын айтымында, Рысалиевдин абалы жакшырып калды, бирок дагы дарыланышы керек.
Батукаев бошотулган учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) жетектеп турган Рысалиев быйыл 7-июнда Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканда өзүн жаман сезгени айтылып, ооруканага жеткирилген. Ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада дарылангандан кийин 2-июлда Таш-Дөбөгө которулган. (NT/KE)