Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:50

Прокурордун өлүмүнө шектүү кыйноого кабылганы боюнча арыз сотто каралат


Кылмышка шектүү Мелис Калыков Ош шаардык сотундагы жараяндардын биринде.
Кылмышка шектүү Мелис Калыков Ош шаардык сотундагы жараяндардын биринде.

Кадамжай райондук соту бүгүн, 8-июлда прокурордун өлүмүнө шектүү кыйноого кабылганы тууралуу доо арызды карайт. Жараян саат 14.00гө белгиленген. Бул тууралуу кылмышка шектүү Мелис Калыковдун бир тууганы Дамира Калыкова билдирди.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнөн кийин облустук прокуратура менен милиция өз ара келишип алып, кылмышты моюнга алдыруу максатында шектүүнү 20 саат кыйнаганын анын жакындары айтып, сотко кайрылышкан. Ишти Баткен райондук соту карашы керек эле. Бирок отурум белгисиз себептер менен Кадамжайга жылдырылган. Оштогу тергөө абагында отурган шектүүнүн адвокаттары аны Кадамжайга сотко алып келүү тууралуу өтүнүч келтиришкен. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү Калыковдун сабалышы тууралуу маалыматты четке кагып, ал өз эрки менен күнөөнү моюнга алган деп эсептешет.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 2018-жылы 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган.

Прокурордун өлүмү боюнча иш Ош шаардык сотунда каралууда.

XS
SM
MD
LG