Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:03

Би-Би-Си: Шинжаңда балдар ата-энелеринен атайылап ажыратылууда


"Кытай бийлиги Шинжаң аймагында атайлап мусулман үй-бүлөлөрдө ата-энелер менен балдарын ажыратуу аракетин көрүп жатат", - деп Би-Би-Си 5-июлда чыгарган кеңири макаласында жазды.

Журналисттер ондогон үй-бүлөлөр менен сүйлөшүп, бир катар документтер менен таанышкандан кийин ушундай бүтүмгө келишкен. Алардын айтымында, бир гана чакан шаарда 400 баланын ата-энеси лагерлерде камалып жаткандыктан интернаттарга жайгаштырылган.

Ошол эле маалда мектеп-интернаттардын курулушу кеңири жүрүп жатканы аныкталган. Кабарчылардын айтымында, фактылар балдарды толугу менен тегинен ажыратуу каралып жатканын көрсөтүүдө.

Ал эми Шинжаңдагы кырдаалга байкоо салып жүргөн германиялык иликтөөчү, доктор Адриан Зенцтин баяндамасына ылайык, 2017-жылы эле Шинжаңдагы интернаттарга барган балдардын саны жарым миллионго көбөйгөн. Шинжаңдын расмий бийлиги мындай маалыматтарды четке какты.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген мусулмандардын жана аз улуттардын өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабар 2016-жылы тараган.

"Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитетинин маалыматына караганда, Бээжин расмий "саясий тарбиялоочу лагерь" деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат.

Бээжин бул жайларды «элди агартуучу, тарбиялоочу борборлор» деп атап, муну менен шинжаңдыктар коомго интеграция болууну үйрөнүп, экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөш жүрүп жатканын билдирип келет. Укук коргоо уюмдары лагерлерде кармалган улуттук азчылыктардын саны миллионго жеткенин белгилешет.

XS
SM
MD
LG