Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Бишкекте сабалган чет элдик жаран эсине келбей ооруканада каза тапты


Сабалган нигериялык жаран.
Сабалган нигериялык жаран.

Мындай маалыматты сабалган нигериялыктын достору, тааныштары кабарлап жатышат.

Башкалаадагы «Cambridge School» тил үйрөнүү мектебинде иштеген Нигериянын 34 жаштагы жараны 2-июлда «Айчүрөк» соода борборунун алдында токмок жеп, оор абалда ооруканага түшкөн. Ошондон бери комадан чыга элек болчу.

Милиция аны урганга шектүүнү эртеси күнү кармап, камакка алган. Ал Ысык-Көл облусунун 22 жаштагы тургуну болуп чыккан.

Окуя тууралуу видео Интернетке да тараган. Анда эс-учун жоготуп жаткан кара терилүү кишиге жарандар жардам берип жатканы тартылган. Күбөлөрдүн айтымында, чет элдик жаран менен аны урган киши соода борборунан чыгышкан, кыргызстандык аны колдон алып, бет тушка урганда ал башы менен асфальтка жыгылып, эс-учун жоготкон. Алардын ортосунда кандай талаш болгону белгисиз.

XS
SM
MD
LG