Дүйнөлүк державалар Иранды 2015-жылдагы өзөктүк келишимге кайтууга чакырып жатышат. Германиянын, Британиянын жана Франциянын тышкы иштер министрлери, Евробиримдик 2-июлда биргелешкен билдирүү таратып, Тегеранды өзөктүк келишимди буза турган кадамдардан оолак болууга үндөштү.
Мындай чакырык Иранда аз байытылган уран чектен ашып кеткени ачыкка чыккандан кийин жасалды.
Дүйшөмбүдө Иранда аз байытылган урандын запасы 2015-жылдагы эл аралык келишимде каралган 300 килограммдык лимиттен ашып кеткени расмий белгилүү болгон. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) бул маалыматты ырастап, Иран АКШнын эл аралык келишимден чыкканына жооп кайтарып жатканын билдирген.
АКШ былтыр майда эл аралык келишимден чыгып кеткен жана Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген.