Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Жээнбеков: Казынаны толтура албагандар жеке жоопкерчилик тартышы керек


Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алды. 28.06.2019
Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алды. 28.06.2019

Мамлекеттик казынанын киреше бөлүгүн толук камсыз кылбаган мекемелердин жетекчилери жеке жоопкерчилик тартышы керек. Мындай талабын президент Сооронбай Жээнбеков 28-июнда өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин алдына койду.

Президент республикалык бюджеттин толтурулушу боюнча пландык көрсөткүчтөрдү толук аткаруу жана мамлекеттик казынанын чыгаша бөлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Жолугушууда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча чаралар талкууланды.

Быйылкы жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстанда салык жыйноодо соңку сегиз жылда алгачкы жолу өсүш болгон жок.

Былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырып караганда бул көрсөткүч 1,1 млрд. сомго аз экени кабарланган.

2011-жылдан бери мындай көрүнүш байкалган эмес.

7-февралда Финансы министрлигинин коллегиясынын жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев салык жыйноо планын кийин аткаруу так болушу үчүн сапаттуураак түзүүнү талап кылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG