Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:37

Молдова Конституциялык сотунун алты судьясы кызматтан кетти


Молдованын Конституциялык соту.
Молдованын Конституциялык соту.

Молодовада Конституциялык соттун бардык курамы (алты судья) кызматтан кетти. Бул тууралуу маалымат Конституциялык соттун расмий сайтына жарыяланды.

Судья Вячеслав Запорожан жаңы курам шайланып келгенге чейин Конституциялык сотко убактылуу төрагалык кылат. Өткөн аптада, 20-июнда соттун төрагасы Михай Поалелунжь кызматтан кетерин жарыялаган.

Мунун алдында президент Игорь Додон менен премьер-министр Мая Санду Конституциялык соттун судьялары кызматтан кетиши керек экенин айтып чыгышкан. Конституциялык соттун 7-9-июндагы чечиминен кийин өлкө өз тарыхында ири саясий кризиске кептелди.

7-июнда Молдованын Конституциялык соту үч айда коалиция түзүлгөн жок деп таап, жаңы парламенттик шайлоо жарыялаган. Бирок бир күндөн кийин парламенттеги буга чейинки атаандаш партиялар - орусиячыл Социалисттер партиясы менен европачыл АСUM блогу коалиция курап, алар «үч айлык мөөнөт 8-июнда бүтмөк» деп, парламенттик көпчүлүк мыйзам чегинде түзүлгөнүн айтып чыккан.

Мына ушул себептерден улам 9-июнда Конституциялык сот өз чечими менен президент Игорь Додонду убактылуу кызматтан четтетип, анын ыйгарым укуктарын буга чейин өкмөт башчынын милдетин аткарып келген Павел Филипке убактылуу тапшырган. Филип дароо парламентти таркатуу боюнча декретке кол коюп, мөөнөтүнөн мурда шайлоону 6-сентябрга белгилеген.

15-июнда Конституциялык сот саясий кризиске алып келген өзүнүн 1-9-июндагы чечимин жокко чыгарган. Павел Филиптин өкмөтү кызматтан кеткен.

XS
SM
MD
LG