Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Исаев: Урматбек Самаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон эмес


Канатбек Исаев журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. 26-июнь, 2019-жыл.
Канатбек Исаев журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. 26-июнь, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев фракциялашы Урматбек Самаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болбогонун айтууда. Ал бул тууралуу 26-июнда парламентте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди:

- Урматбек Самаев боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына бир топ маалымат чыкты. Мен расмий түрдө Самаев эч убакта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болбогонун айта алам. Эгерде менин сөзүм калп болсо муну Ички иштер министрлиги (ИИМ), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) айтсын. Болгону ал спортчу.

25-июнда парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Урматбек Самаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүлгөн.

Самаевдин ысымы буга чейин Токмокто кыргыз-казак чек арасындагы аткезчиликке байланыштуу чуулгандуу окуяда аталган.

Анда чек арада «аткезчилик менен алектенген эки топтун жаңжалында ок тийди» деген Аскат Үсөнов аттуу жаран видео аркылуу кайрылып, Урматбек Самаевди ачык күнөөлөп, президенттен жардам сураган.

Депутат бул ишке тиешеси жок экенин, өзүнө карата каралоо күчөгөнүн айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG