Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:00

«Бешинчи каналды» сатуу жөнүндө сунуш колдоого алынууда


«Бешинчи канал».
«Бешинчи канал».

«Бешинчи канал» боюнча мыйзам долбоорун парламентте үчүнчү окууга даярдоо учурунда жазуу түрүндө сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн жок. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салайдин Айдаров билдирип, долбоор кийинки талкууга жөнөтүлгөнүн айтты.

Өкмөт сунуш кылып жаткан мыйзам долбоору парламенттик деген макам берилген «Бешинчи каналдан» ошол макамды алып салып, андан ары сатуу максатын көздөйт.

Бул канал 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн декрети менен мамлекеттештирилген. 2011-жылы Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу максатында «"Бешинчи канал" жабык акционердик коому жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.

Андан соӊ жумуш тобу түзүлүп, мыйзамдын аткарылышы мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келген. Анткени телеканалдын уюштуруу-укуктук формасы да, менчик ээси да аныкталбаганы айтылган.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жогорку Кеңеш азыр өз ишин «Пирамида» телеканалы аркылуу чагылдырып жатат, өкмөт «Бешинчи каналга» пайызсыз насыяларды бөлүп жаткандыктан бюджетке ашыкча чыгым алып келүүдө.

Буга чейинки талкууларда «Бешинчи каналды» сатуу маселеси тогуз жылдан бери козголуп келатканы, анын Салык кызматына, Соцфонго карызы топтолуп калганы белгиленген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду телеканалдын башкы милдети – өлкөнүн маалымат саясатын камсыз кылуу экенин, башы ачылса, тагдыры чечилерин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG