Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

АКШ Ирандын жогорку лидери Хаменеиге каршы санкция киргизет


Али Хаменеи.
Али Хаменеи.

Америка Кошмо Штаттары Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеиге каршы санкция киргизет. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп тийиштүү буйрукка кол коёрдун алдында билдирди.

Трамптын айтымында, санкциялар Ирандын агрессиялуу иш-аракеттерине, анын ичинде америкалык пилотсуз учактын атып түшүрүлүшүнө жооп болот. АКШнын маалыматы боюнча, Иран 20-июнда АКШнын пилотсуз учагын атып түшүргөн.

Трамптын айтымында, санкциялар Хаменеинин жардамчыларына да киргизилет.

Дональд Трамп АКШ Иран менен жаңжалды каалабай турганын айтты:

- Бирок АКШ Иранга өзөктүк куралдын ээси болууга жол бербейт, ошондой эле Тегеранды террордук топторго колдоо көрсөтпөөгө мажбурлайт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 24-июнда Сауд Арабиясына жана Бириккен Араб Эмираттарына барды. Ирандын тегерегинде кырдаалдын курчушу – сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде турган негизги маселе.

АКШ, Сауд Арабиясы, Британия жана Бириккен Араб Эмираттары биргелешкен билдирүү менен чыгып, Иранды аймактагы туруктуулукту бузган ар кандай кадамдардан баш тартууга үндөшкөн. АКШ жана анын өнөктөштөрү Иранды Оман булуңунда мунай ташыган танкерлерге коюлган чабуул үчүн айыптап, Жакынкы Чыгышка миңдей аскер жөнөтөрүн билдирген. 13-июнда Оман булуңунда эки мунай танкерине чабуул коюлган. Тегеран өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагууда.

Өз кезегинде Германия, Франция жана Британия 24-июнда Иранга расмий эскертүү жиберишкен. Анда Иран «өзөктүк келишим» боюнча милдеттенмелерин аткарууну улантышы керек экени айтылат. Бул үч өлкө келишимден чыккан эмес жана Иран өз милдеттенмелерин аткарат деп күтүшүүдө.

XS
SM
MD
LG