Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:13

Аида Саляновага «пневмония» диагнозу да коюлду


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Саламаттыгына байланыштуу Бишкектеги №1 тергөө абагынан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган экс-башкы прокурор, мурдагы депутат Аида Салянова өпкөсүн дарылатып жатат. Бул тууралуу анын тууганы Чынара Турдалиева «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, дарыгерлер мурдагы башкы прокурорго жүрөк илдетинен тышкары «пневмония» деген диагноз коюшкан.

Азыр ал палатага которулуп, медицина кызматкерлери анын өпкөсүн жасалма аппарат менен дарылап жатышат.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган. Эки күндөн кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. 15-июнда ал жүрөк илдетинен улам ооруканага которулган.

21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын карап, аны канааттандырган эмес. Мурдагы депутатты 26-августка чейин камакта калтырган. (NT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG