Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:46

Трамп: АКШ Иран менен сүйлөшүүгө даяр


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп «NBC News» телеканалындагы маегинде Вашингтон Тегеран менен алдын-ала эч кандай шарт койбостон сүйлөшүүгө даяр экенин айтты. Бирок ал анда Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сөз болоруна ишеничин билдирди.

- Эгер Иран өнүккөн өлкө болгусу келсе, каалоосу болсо биз тез эле тил табышабыз, - деди Трамп.

Мунун алдында Жакынкы Чыгышка барганы жаткан АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео да ушундай мазмундагы пикир айткан. Ал Иран сүйлөшүүгө кызыкчылыгы бар экенин ишарат кыла турган болсо, АКШ андан баш тартпай турганын билдирген.

Дональд Трамптын Иранга мамилеси минтип жумшарганы менен, ал 24-июнда Иранга каршы жаңы санкцияларды жарыялаганы жатат.

Өткөн аптада Иран америкалык пилотсуз учакты атып түшүргөндөн кийин эки өлкөнүн ортосундагы жаңжал курчуп кеткен. Дональд Трамп Иранга сокку урууга буйрук бергенин, бирок акыркы мүнөттөрдө ал ниетинен баш тартканын маалымдаган.

Тегеран болсо АКШнын агрессивдүү чараларына жооп кайтарыларын эскерткен.

20-июнда Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусу америкалык пилотсуз учак өлкөнүн түштүгүндөгү Хормозган провинциясында атып түшүрүлгөнүн кабарлаган. АКШнын Борбордук командачылыгы Тегеран америкалык пилотсуз учакты атып түшүргөнүн ырастап, бирок окуя Ирандын аймагында эмес, Ормуз кысыгында болгонун билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG