Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:23

Сот Саакашвилиге украин парламентине ат салышууга уруксат берди


Cаакашвили тарапкерлери менен жолугушууда. Одесса, 19-июнь 2019
Cаакашвили тарапкерлери менен жолугушууда. Одесса, 19-июнь 2019

21-июнда Киевдеги сот Грузиянын экс-президенти, Одесса облусунун мурдагы башчысы Михаил Саакашвилиге украин парламентине ат салышууга уруксат берди. Саясатчы сот залынан тартылган видеону "Фейсбуктагы" баракчасына жайгаштырып, чечимди "адилет" деп атады, өлкөдөгү “маанай өзгөргөнүн”, сотко басым болбогонун жазды.

Мыйзамга ылайык, депутаттыкка ат салышуу үчүн талапкер акыркы беш жыл Украинада туруктуу жашоого тийиш. Саакашвили формалдуу түрдө бул талапты аткарган эмес, себеби былтыр февралда украин жарандыгынан ажыратылгандан кийин депортация болгон. Жаңы мамлекет башчы Владимир Зеленский жарандыгын калыбына келтиргенден кийин ушул майда Киевге кайтып келген. Саакашвили Украинадан мыйзамсыз чыгарылганын айтууда.

Саясатчы Жогорку Радага өз тизмеси менен аттанып жаткан “Жаңы күчтөрдүн кыймылы” партиясын жетектейт. Саакашвилинин айтымында, ал Зеленскийге коррупцияны жеңүүгө жардам берүүнү көздөйт.

Парламентке мөөнөтсүз шайлоо Украинада 21-июлга белгиленген. Талапкерлерди каттоо 25-июнда аяктайт.

XS
SM
MD
LG