Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:31

Кулматов менен Ибраимовдун ишин караган сот адвокаттын эки өтүнүчүн четке какты


Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов.
Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов.

Бишкектин Ленин райондук соту борбор шаардын мурдагы эки мэри Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сотту кароону улантты. Бул тууралуу экс-мэрлер мүчө болгон Кыргызстан социал демократиялык партиясынын катчылыгы билдирди.

Анда айтылгандай, Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев Ибраимовго байланыштуу «Дастан» ишканасы боюнча кылмыш ишти токтотууну өтүндү. Айыптоочу тарап буга каршы чыкты. Эки тараптын жүйөсүн уккан соң сот өтүнүчтү четке какты.

Слесарев андан кийин Ибраимов мэр болуп турган учурдагы ишти өзүнчө кароого бөлүп алууну суранды. Кеңешүү бөлмөсүнө чыгып келген сот бул өтүнүчтү да кароосуз калтырды.

Кулматов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн. Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экс-мэрлердин ишин бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы жараянда кабыл алынган. Аны бөлүп кароо боюнча адвокаттардын бир нече жолку өтүнүчү канааттандырылган эмес. Быйыл экинчи майда мурдагы эки чиновниктин тергөө абактагы мөөнөтү эки айга узартылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG