Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

Карамат Орозова депутаттарга Атамбаевди даңктаган сөздөрүн эске салды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда депутаттар анын дарегине айткан сөздөрдү тизмектеди.

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып Орозова жөнөкөй депутаттар Атамбаевге жылдап кире албаганын, ал эми аны мактап-жактагандар түрдүү сыйлыктарды алып, сый көргөнүн, ал эми азыр ага каршы дооматтар айтылып жатканын сындады:

- Кээ бириңиздер «Урматтуу Алмаз Шаршенович, сизден биз көп нерсени үйрөндүк, бизди такшалттыңыз, тарбияладыңыз», «Урматтуу Алмаз Шаршенович, сиздин атыңызды Түндүк-Түштүк жолуна коелу», «Сиз журт атасысыз», «Сиздин эмгегиңизди өтө жогору баалайбыз, КР Баатыры деген наам берели» дегенсиздер. Силерди колдодубу, президентибиз ал кишиге КР Баатыры наамын ыйгарды. Ошондой кызмат көрсөтүп жатып көпчүлүгүңөр мамлекеттик кызматтарды аркаладыңар, сыйлыктарды алдыңар, сый көрдүңөр. Экс-президенттин маалында биздей жөнөкөй депутаттар үч жылдап анын кабылдамасына кирүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Себеби ал киши сиздердей жакын досторунан, табакташтарынан бошобой, бизди кабыл алган эмес.

​Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестиктен ажыратуу маселеси бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңеште карала баштады.

Кол тийбестик боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссия демилгечи топтун Атамбаевге койгон тогуз кинесин карап чыгып, алтоо – бийликти узурпациялады, Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон деген айыптар боюнча - Атамбаевден шектенүүгө негиз бар деп чечкен.

Ал эми үчөө – Орусиянын 123 жаранына, анын арасында кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө ок атуучу курал берген, Чүйдө 35,65 гектар айдоо аянтын мыйзамсыз трансформациялаган, Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында 4,61 гектар жерди «Фрунзе Резорт» компаниясына мыйзамсыз өткөрүп берген деген айыптар боюнча - комиссия күнөө коюу негизсиз деген бүтүмгө келген. Буга Атамбаев ал кездери президенттик кызматты ээлебегени себеп болгон.

Атамбаев баштаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) депутаттык комиссиянын жыйынында айтылгандарды «чуулгандуу коррупциялык иштерден коомчулуктун көңүлүн алаксытуу» деп баалап жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG