Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Активист мигранттар үчүн жайкы үйрөтүү лагерлери уюштурулат


Москвадагы борбор азиялык мигранттар. 2018-жылдын сентябрында тартылган сүрөт.
Москвадагы борбор азиялык мигранттар. 2018-жылдын сентябрында тартылган сүрөт.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) «Адамдын укуктары жана кадыр-баркы» долбоорунун алкагында мигранттар үчүн жайкы үйрөтүү лагерлери уюштурулат. «Роза Отунбаеванын демилгелери» коомдук фонду билдиргендей, лагерде маселелерди чечиш үчүн зарыл болгон, ошондой эле адам укуктарын жана Кыргызстандын эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын жайылтуу боюнча окуулар өткөрүлөт.

Бул иш-чарага миграцияда жүрүп, коомдук лидер болууга жана коомдун өнүгүшүнө салым кошууга даяр кырк активист катышат.

Лагерлерди Эл аралык миграция уюму, БУУ, «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана башка уюмдар чогуу уюштурууда.

Биринчи лагер 24-28-июнга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Тосор айылындагы «Ак-Чий» эс алуу аймагында, экинчиси 8-12-июлга чейин, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сары-Булак айылында өтөт.

XS
SM
MD
LG