Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:12

АКШ танкерлерге кол салуудан улам Жакынкы Чыгышка аскер жөнөтөт


Оман булуңу. 2019-жылдын 13-июнундагы кол салуу боюнча Пентагон жарыялаган материалдардын бири.
Оман булуңу. 2019-жылдын 13-июнундагы кол салуу боюнча Пентагон жарыялаган материалдардын бири.

АКШ Иранды мунай ташыган танкерлерге жасалган чабуул үчүн кайрадан айыптап, Жакынкы Чыгышка аскер жөнөткөнү турат.

Пентагон 17-июнда Оман булуңунда өткөн аптада болгон эки мунай танкерине кол салууга Ирандын катышы бар деген мазмундагы кошумча сүрөттөрдү жарыялады. Алардын көбү АКШнын аба күчтөрүнүн вертолетторунан тартылганы, анда ирандык аскерлер жапониялык танкердин жанында жарылбай калган минаны тазалап жатканы айтылды.

Вашингтон муну Тегерандын далилдерди жок кылуу аракети катары баалады. Ушул эле күнү Пентагон танкерлерге кол салууга байланыштуу Жакынкы Чыгышка дагы миңге жакын аскер жибере турганын кабарлады. Коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахандын айтымында, аскерлер коргонуу максатында жиберилет.

Буга чейин Пентагон Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кайыктары чабуулдан кийин жарылбай калды деген минаны тазалап жатканы тартылган видео тараткан.

13-июнда Оман булуңунда эки мунай танкерине чабуул жасалган. Бир ай мурда Бириккен Араб Эмираттарына жакын жээктерде төрт танкерге кол салуу болгон.

АКШ жана Сауд Арабиясы бул үчүн Иранга жоопкерчиликти жүктөгөн. Тегеран өз дарегине айтылгандарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG