Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:24

Элдик дипломатияны эптүү колдонолу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чек ара маселелерин жөнгө салуунун ачкычы же мамлекет аралык элдик-дипломатиялык комиссия түзүү тууралуу бир ооз сөз.

70 жылдан ашуун бир үй-бүлөдөй болуп келген коңшулаш Кыргыз, Тажик, Казак, Өзбек Республикалары СССР тарагандан кийин ар кимиси өзүнчө эгемен өлкөгө айланды. Андан бери арадан чейрек кылымдан ашуун мезгил өтүп баратса да, мурда үч уктаса түшкө кирбеген кыйынчылыктарга кириптер болуп, ар кимиси өз көмөчүнө күл тартып калган ошол капас замандын запкыларынан арыла албай келатышканы маалым.

Буга баарынан мурда чек арада илгертен босоголош жашаган элдердин ортосундагы улам-улам пайда болуп жаткан чыр-чатактардын алдын алуу, карым-катнаш, достук-ынтымак ж.б. багыттардагы иштеринин натыйжасыз жүргүзүлүп келатканы себепкер болууда десек туура болсо керек. Аягы ок атышууга, ташбараңдарга чейин барып жаткан суу, жер, жайыт, жол талашуу жаңжал чыкканга дейре алдын-ала изилденип, тийиштүү чара көрүлүп турганда чек арада жашаган эл арасында түшүнбөстүктөр же каршылашуу болмок эмес.

Жетекчинин баары эле араздашкан элдерди араздашкан учурда же араздашканга чейин ынтымакка чакырууга кудурети жетет деп айтууга болбойт. Бул үчүн тигил же бул жетекчиде өзүнчө жөндөм, өзгөчө кыраакылык, алдын-ала көрө да, сезе да билүү сыяктуу сапаттар сөзсүз болушу керек. Эгер коңшу элдин тилинде сүйлөй алса абдан жакшы болмок. Жетекчи мыкты адис, мыкты илимпоз болушу мүмкүн. Бирок калк арасында аброю, кадыр-баркы болбосо, элди тил табыштыра албайт. Демек чек арадагы райондордун, айыл аймактарынын жетекчилерин туура тандоо чоң мааниге ээ экени талашсыз.

Коңшулаш өлкөлөрдүн чек араларында көптөн бери кайталанып келаткан айрым акылга сыйбас терс көрүнүштөрдүн баарын тизмектеп айтып отуруунун кажети жок болсо керек. Алардын баары коомчулукка белгилүү. Бул кооптуу маселелерди оң жагына чечүүнүн натыйжалуу ачкычы астейдил изделип табылбаса, кесепети бара-бара азыркыдан да татаал болору коңшулаш өлкөлөрдүн жетекчилерин эле эмес, жалпы коомчулукту да көптөн бери терең ойлондуруп келет.

Чек арадагы чыр-чатактардын, кылмыштуу иштердин себептерин тактоого жана күнөөлүүлөрдү аныктап, мыйзамдуу чара көрүүгө көп учурда мүмкүн болбой келаткан азыркы кыйын маалда ошол окуяларды жеринде акыйкат иликтей турган калыс, укуктуу топту, тактап айтканда, мамлекет аралык элдик-дипломатиялык атайын комиссияны биргелешип түзүүгө убакыт эчак бышык жетилген.

Сунуш кылынган бул идея коңшулаш Кыргыз, Өзбек, Тажик, Казак Республикаларынын президенттери, парламент жетекчилери, өкмөт башчылары, тышкы иштер министрлери тарабынан колдоого алынып ишке ашырылса, чек ара маселесине байланышкан ар кандай татаал жагдайларды калыстык менен чатаксыз чечип турууга жардам берет эле. Мына ушул ары татаал, ары маанилүү маселеге көптөн бери тынчсызданып келаткан инсан катары жогоруда айтылган комиссияны төмөндөгүдөй тартипте түзүүнү сунуш кылар элем:

– Кыргыз, Казак, Өзбек, Казак Республикаларынын ар биринен эл арасында аброю бийик, түрдүү улуттагы үчтөн же бештен өкүл комиссияга мүчө болушса;

– комиссия мүчөлөрүнө зарыл болгон учурларда коңшулаш өлкөлөргө эч тоскоолдуксуз кирип чыгууга, тийиштүү иликтөөлөрдү жүргүзүүгө укук берилсе;

– комиссия жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн тыянактарын жогорку бийлик органдарына берип, суроо-талаптарын коюп турушса.

Эгер комиссия түзүү боюнча сунуш жактырылып, бул иш колго алына турган болсо, мамлекет аралык элдик-демократиялык атайын комиссиянын мүчөлөрүнүн катарына коңшулаш ар бир өлкөнүн элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагаларын да кошсо ашыкча болбосо керек деген пикирдемин.

Мирзохалим КАРИМОВ, журналист

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG