Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:01

Баткенде ак өрүк сыртка экспорттоло баштады


Баткен өрүгү.
Баткен өрүгү.

Өрүктүн эрте быша турган сорту же ак өрүк сезону Баткен облусунда башталды.

Алармандар ак өрүктүн бир килограмын 30-35 сомго баалап, алып жатышат. Бул баа былтырдан 10-15 сомго кымбат.

Былтыр ак өрүк 10-20 сомдон сатылган. Сатып алуучулар өрүктүн бул түрүн Орусия жана Казакстанга экспорттошот.

Баткен облусунун аймагында 10 миң гектардай өрүк аянты бар. Ал жерде өрүктүн 20дай сорту отургузулган. Дубан боюнча жылына өрүктөн түшкөн орточо киреше 8 миллиард сомдун айланасында болот. (JsA)

XS
SM
MD
LG