Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

Иранда түрмөдө отурган активист ачкачылык жарыялады


Назанин Загари-Рэтклифф кызы менен.
Назанин Загари-Рэтклифф кызы менен.

"Бийликти кулатуу боюнча саясий кутумга катышкан" деген айып менен Тегерандагы катаал шарттагы "Эвина" түрмөсүндө отурган 40 жаштагы Назанин Загари-Рэтклифф кайрадан ачкачылык кармай баштады. Ал 11-июнда кызынын беш жашка толушун белгилеген учурдан тартып тамак-аштан баш тартканын күйөөсү Ричард Рэтклифф билдирди. Анын айтымында, Назанин сот органдарына өзүн мыйзамсыз кармоого каршылык иретинде тамак-аштан баш тартып, суу гана ичээрин маалымдаган. Ал акыркы жолу быйыл январда ачкачылык кармаган.

Британиялык "Thomson Reuters" фондунун менеджери Назанин Загари-Рэтклифф 2016-жылдын апрелинде Лондонго кетер алдында Тегерандын аэропортунда кармалып, камакка алынган.

Иран аны "бийликти кулатуу боюнча саясий кутумга катышкан" деген айып менен беш жылга түрмөгө кескен.

2017-жылдын күзүндө ага карата "Иранга каршы пропаганда жүргүзгөн" деген кине менен жаңы кылмыш иши козголгон. Назанин өзүнө тагылган кинелерди четке кагып келатат. Британиянын Тышкы иштер министрлиги аны актап, бошотууга чакырган. Маселе бир нече жолу эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда көтөрүлгөн.

Назанин Загари-Рэтклифф Британиянын жана Ирандын кош жарандыгына ээ.

Быйыл мартта Лондон Назанин Загари-Рэтклиффди "дипломатиялык жолдор менен коргой турганын" жарыялаган.

XS
SM
MD
LG